www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Центерра Голбд” менен ажырашып Кыргызстан уттук, эми тышкы карызды коркпой жабабыз”, - деди бүгүн, 5-апрелде NazarNews маалымат агенттигине эксперт Эрнест Карыбеков.
- Эрнест мырза, “Центерра гольд" компаниясы Кыргызстандан чыгып кетип, Кыргызстан Кумтөргө ээлик кылып калганын жеңиш катары баалашыбыз керекпи?
- Кечээ Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров элге кайрылып, Кумтөрдү өлкөгө кайтарылганын сүйүнчүлөдү. Бул өлкө үчүн чоң жетишкендик. Президентти жана жалпы элди жеңиши менен куттуктайм!
- “Центерра Гольд” менен ажырашып уттукпу же утулдукпу?
- “Центерра Голбд” менен ажырашып Кыргызстан уттук. Эми алтын Кыргызстанда калат. Бюджетке 500 миллион киреше түшүп жатат. Өнүгүүгө каражат бар болду. Буюрса, Тышкы карызды коркпой жабабыз. Кумтөрдүн маселеси чечилди. Эми энергетиканы жөнгө салып алсак, ал тармак аркылуу мындан көп киреше алып келсек болот.
Булак: NazarNews.kg