www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 5-апрелде Венгриянын премьерминистри Виктор Орбан менен телефон аркылуу сүйлөштү. Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-венгер эки тараптуу мамилелеринин актуалдуу багыттары жана келечеги талкууланды, деп билдирди президенттин басма сөз кызматы.

Садыр Жапаров Виктор Орбанды жана «ФИДЕС» партиясынын лидерин 4-апрелде өткөн парламенттик шайлоодогу ишенимдүү жеңиши менен куттуктап, ага чоң ийгиликтерди каалады.

Баарлашуунун жүрүшүндө президент Садыр Жапаров алдыдагы мааракелүү дата — эки өлкөнүн ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгын канааттануу менен белгилеп, учурдагы кыргыз-венгер мамилелерине жогору баа берди.

Ал Кыргызстан менен Венгриянын стратегиялык өнөктөштүгүн мындан ары биргелешип бекемдөөнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Өз кезегинде Виктор Орбан Садыр Жапаровго куттуктоосу үчүн ыраазычылык билдирип, кыргыз-венгер мамилелерин мындан ары эки тараптуу форматта да, көп тараптуу кызматташуунун алкагында да тереңдетүүгө даяр экенин билдирди.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Түрк мамлекеттеринин уюмунун алкагында кызматташууну бекемдөө маселесине өзгөчө көңүл бурулду. Тараптар соода-экономикалык, транспорттук-логистикалык жана инвестициялык чөйрөлөрдө эки тараптуу кызматташтыкты активдештирүү боюнча системалуу иштерди улантууга өз ара кызыкдар экенин ырасташты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости