www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Токаевдин келгени эки элдин жакындыгын, бир туугандыгын билдирет», - деди бүгүн, 27-майда NazarNews маалымат агенттигине эксперт Эрнест Карыбеков.
- Эрнест мырза, Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаевдин Кыргызстанга расмий сапар менен келип, бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду. Мындан ары мамиле бекемделип, ишибиз илгерилейби?
- Кыргыз казак бир тууган элбиз. Токаевдин келгени эки элдин жакындыгын, бир туугандыгын билдирет. Казак президенти сөзүндө да баса белгилеп кетти. Бирок, баягы эле экономика деп үстүртөн мамиле кылганыбызды токтотушубуз керек. Терең ой жүгүртүп, эки элдин каада-салт, үрп адатыбызга, тарыхыбызга, маданиятыбызга таянып, иш алып барсак экономикабыз дагы өнүгөт.
Эң негизгиси, эки эл ынтымактуу болсо, экономика өз жолун табат. Терең ой жүгүртүп Ата-бабаларыбыздан калган жашоо эрежелерибизге өтпөсөк, эч качан бирикбейбиз, өнүкпөйүз. Ошон үчүн ар бирибиз үлгү болуп жашаганга аракет кылышыбыз керек.
Булак: NazarNews.kg