www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кызык экен окуп кой... Чыны менен эле кызыктуу нерсе экен. "Байланган буттар" же "Лотос буттар" делет, ал. Төмөндө бул тууралуу көрүнүш илгери Кытайда X кылымдан XX кылымга чейин колдолунуп келгени баяндалат. Анда назар салып көрүңүздөр. Жапайычылык эмес, тарыхта болгон окуя.
Мисалы, илгери Кытайда келиндин кадыр-баркы бутунун чоңдугуна жараша болгон дешет. Мындай буттарды салттуу түрдө "алтын лотостор" деп аташкан. Андай "алтын лотостор" айрыкча жогорку коомго таандык айымдарды өз алдынча баспашы керек деп эсептешкен. Бизче айтканда, андай “лотос буттар” көп учурларда "кысымга" алынып келген.
Алсак, ошондой "лотос буттуу" кыздардын бут сөөктөрү кокус сынып калса, чоң бармактарынан баштап башка бармактарынын бардыгын чүпүрөк бекем байлап буттарынын көлөмүнөн кичине болгон тар бут кийим менен жүрүүгө мажбурлаган. Натыйжада, бут бир топ деформацияланып, кээде акыры такыр эле басууга мүмкүн болбой калган учурлар болгон. Бирок муну алар аялдын аристократиялык жагымдуу өзгөчөлүктөрүнүн бири деп санашкан. Ал эми дени сак деформацияланбаган буттарды болсо дыйкандарга гана таандык дешип жана аларды "теги жаман деп" баалашкан.
Бирок мындай "жапайы" көрүнүш XX кылымда Кан Ювэй, Су Маньшу сыяктуу ал доордун коомдук ишмерлери тарабынан катуу сынга алынып, акыры 1911-жылдагы революциядан кийин андай “салт” алынып салынган.
Ал эми Кытайдагы Монгол Юань династиясынын жана Маньчжур Цин династиясынын тушунда монголдор менен манчжурлар аялдардын бутун жогорудагыдай "алтын лотостор" жана "башка дешпей" тескерисинче кичинекей буттарды улуттук өзгөчөлүк катары баалашып андайлар андагы "цивилизациянын" символуна айланышкан.
Негизи, мына ушул "бут байлоонун" келип чыгышы боюнча бир топ уламыштарды кездештирүүгө болот. Мисалы, бир версия: Шан династиясынан чыккан императордун токолу буттарынын таманынан жапа чегип дайыма аны таңып жүрүүгө мажбур болуп, император калган бардык аялдар менен кыздарды да буттарын милдеттүү таңып жүрүүгө мажбур кылган.
Себеби, анын аялынын буту дайыма таңуусуз жүрүүгө мүмкүн болбогондуктан, калган бардык аял, кыздарды да ошондой болуп жүрүшү керек деген өзүмчүлдүктү башкаларга да милдеттендирип, император бул аракетин "сулуулуктун жана кооздуктун үлгүсү" деп маашырланган. Дагы бир башка уламышта императордун сүйүктүү токолу Сяо Бао Цзюань буттары аябагандай эле сымбаттуу болгондуктан бермет жана лотос гүлдөрүнүн сүрөттөрү менен кооздолгон алтын аянтчада жылаңаяк бийлегени айтылат.
Император сүйүктүү токолунун сүйүктүү буттарын карап алып суктануу менен дайыма: "Сүйүктүүмдүн буттарынын ар бир тийген жеринен лотостор гүлдөйт!" деп жар салып келген. "Лотос бут" же «алтын лотос" деген түшүнүк дал ошол учурда пайда болгон дешет. Бирок ал уламышта кыздардын буттары таңылып жүргөнү айтылбайт.
Көпчүлүк учурларда буттарды таңуу салтынын келип чыгышы император Ли Ю (937-978-ж.ж) өзүнүн токолдорунун бири Яо Нян ар убак бутун ак жибек тилкелер менен таңып берүүнү суранып турганынан улам ушул түшүнүк келип чыккан дешет. Анысы болсо императорго манжаларынын учуна лотос гүлдөрүн сайып алып бийлегенинен улам айтылып калаган дешет.
Ошентип, жогорку даражадагы аялдардын баары буттарын таңып башташкан. Кийин бул көрүнүш кеңири жайылып кеткен. Кээ бир изилдөөчүлөр болсо мындай уламыштардын аныктыгынан күмөн санап келишет. Мисалы, тарыхчы Лин Вэйхун бут байлоо салты Кытайда Сун доорунан (960-1279-ж.ж) эрте эмес, кийинчерээк пайда болгон деп эсептейт. Бирок, кандай болгон күндө да “бут байлоо” салты Сун династиясынын тушунда кеңири таралганы маалым. Бул доордун аягында эркектер арасында шарапты сулуу аялдардын бут кийимине куюп ичүү салты пайда болгон. Мисалы, Юань династиясынын тушунда кээ бир адамдар шарапты жана башка суусундукту бут кийимге куюп ичишчү дешет. Мунусу "алтын лотосту кургатуу" деп аталган. Мындай салт салт Цин династиясына чейин сакталып келген.
Ошентип, буту таңылган аялдын өз алдынча кыймылдоо мүмкүнчүлүгү чектелген, ал үйдө отурууга аргасыз болгон жана кызматчылардын коштоосунда эч жакка чыга алган эмес. Кичинекей бут аялдардын саясатка жана коомдук турмушка аралашуусуна жол бербейт деп эсептелген. Аял үй-бүлөсүнө жана биринчи кезекте үй-бүлөсүнүн эркектерине көз каранды болгон. Ушул себептен улам, таңылган буттар гендердик теңсиздиктин символу болуп калган. Аялдардын эркекке баш ийүүсү жана аруулугу жана эркектин бийлиги деп эсептелген. Мындан тышкары, өз алдынча кыймылдай албаган аял күйөөсүнүн байлыгынын жана артыкчылыктуу абалынын далили болгон. Анткени күйөөсү иштебеген аялды багууга мүмкүн болгон. Монголдор басып алуу мезгилинде кытай аялдарынын майып буттары аларды монголдордон жана башка “варварлардан” айырмалоону жеңилдеткен, ошонун аркасында алар улуттук өзгөчөлүктүн белгисине айланган.
Кошумчалай кетсек, ал доордо мындай көрүнүштү “буттун деформациясы аялдын репродуктивдүү ден-соолугун жакшыртат жана анын төрөткө жөндөмдүүлүгүн жогорулатат” деген ишеним кеңири тараган. Натыйжада, кыз бала социалдык абалы жакшы, материалдык жактан жогору эркекке турмушка чыгуу үчүн таңылган бут сулуулуктун белгиси жана зарыл сапат болуп келген. Узундугу 10 см болгон бутту "күмүш лотос" деп аташса, ал эми идеалдуу делген буттун узундугу 7 сантиметрден ашпашы керек делип, андай буттар «алтын лотостор» деп аталган. Эгерде узундугу 10 сантиметрден ашып кетсе "темир лотос" деп бааланып, ал буттар денеге таяныч болуп көрүнбөшү керек деп эсептешкен.
Миссионер Адилет Дулитлдин айтымында, көптөгөн жакыр үй-бүлөлөр кыздарынын “ийгиликтүү” турмушка чыгуусу үчүн зарыл болгон кичинекей буттары болушу үчүн бардык аракеттерди көрүүгө даяр болушкан. Негизинен, “бут байлоо” практикасы Орто кылымда Кытайда үстөмдүк кылган “конфуцийчиликтин” патриархалдык философиясы менен байланыштуу деп айтылып келет. Конфуций болсо байыркы «ин жана ян» концепциясын бекем карманган. Ага ылайык аял "индин" башталышын, башкача айтканда, алсыздыкты жана пассивдүүлүктү алып жүрүшү керек болгон. Ошентип, мындай түшүндүрмө аялар арасында буттарын деформация кылуу салты катуу сиңген. Мындан тышкары, конфуцийчилик катуу социалдык иерархияны таңуулаган. Мында аялдар эркектерге карата баш ийген абалда болгон. Аялдардын өз алдынча кыймылы алардын мүмкүнчүлүктөрүн чектеп, бул иерархиянын кол тийбестигин кепилдеген. Кыздардын буттарын деформациялоо салтын коргоочулардын бири конфуцийчи философ Чжу Си (1130-1200) болгон. Ал бул салтты Кытайдан тышкары да жайылтуу керек деп ырастаган, анткени анын ою боюнча "эркек менен аялдын ортосундагы туура мамилени билдирет” деп эсептеген. “Лотос буттар” болбосо кое калгырдыкы, десе.
Макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Булак: NazarNews.kg