www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Дыйкан өз талаасына барсын, соодагер соодасын кылсын, укук коргоочу укук коргосун, молдо дааватын кылсын, оппозициячы конструктивдүү сынын айтсын... Эң негизгиси, жашообузду кайсы бир сыйкырчы келип «сүффф» деп кулпуртуп ийбесин түшүнөлү. Мындай пикирин белгилүү журналист Эрниc Кыязов өзүнүн Facebook баракчасына жазды.
…болду эми, эбедейибиз эзилип эмоцияга алдырып эмшеңдеп ыйлап ийбей; «уре-ее! наканэс то!» деп ооруганына карабай кол чапканды токтотуп, иш ишибизди кылалы. Бат эле сүйүп, бат эле жаман көрүп калчу ит адатыбыз бар эле... аша чаап, даканса сүйүүнү өтө катуулатып непадам а кишинин ишине мишайт кылып, кийин анан «…жакшы эле иштейин десем, мобу катуу сүйгүчтөр бура бастырбай бутума оролошуп туруп алышпадыбы каап!..» деген наалат сөзгө кала көрбөгүлө, ө-өй өлө сүйгүч жолдоштор. Жасап жаткан ишибизди таштай салып, кайсы бир эшиктин түбүн сагалап «...Баланча Түкүнчийвичке келдим эле... айтып койсоңуз, мен илгери ат мингизим эле... куртка падартеттим эле... митингде ошо кишинин атын баарынан катуу кыйкырып турдум эле...» деп керемет, чудо күтүп, доомат артып жүдөтпөгүлө. Ким бирөө айтмакчы, «жүз күндөн кийин» күн саал башкачараак чыгып, короздор «нэабычна» кыйкыра баштаган мандемдер байкалса, ошондо да эч кимге билгизбей «урааа...азамат эке-еен…» деп акыры-ын шыбыраганды адат кылалы. Антпесе, короздорубуз жакшы эле кыйкырып баратып, тойлорго барганда көздүн сугу кирип» ...тыыйт» эткизе жел чыгарып, анан жыла басып же кайдадыр качып кетишчү эле...
Койгула анда... Дивандан туралы да: дыйкан өз талаасына барсын, мугалим сабагын окутсун, өтүкчү өтүгүн ултарсын, соодагер соодасын кылсын, курулушчу үйүн курсун, укук коргоочу укук коргосун, молдо дааватын кылсын, оппозициячы конструктивдүү сынын айтсын… Эң негизгиси, жашообузду кайсы бир сыйкырчы келип «сүффф» деп кулпуртуп ийбесин түшүнөлү. А мен аудио китебимди окуюн, чыгармаларды котороюн, проектиме киришейин «бысмылла» деп.
Булак: NazarNews.kg