www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

​​​​​Былтыр Жалал-Абад облусунда кооптуу аймактардан 185 үй-бүлө көчүрүлгөн. Бул тууралуу облустук Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын жыйынында айтылды.

2020-жылы өрт кырсыктарынан 381 млн 986 миң сомдук материалдык баалуулуктар сакталып калган. Жүргүзүлгөн ыкчам аракеттердин натыйжасында кырсыктардын саны 15,8 пайызга азайган.

Жыл ичинде 2 техногендик, 4 табигый, 1 социалдык-биологиялык өзгөчө кырдаал катталган. Мындан сырткары облус аймагындагы 221 объектиде сел, суу ташкындарынын алдын алуу иштери жүргөн.

Аксы, Сузак, Базар-Коргон райондорунун жана Майлуу-Суу шаарындагы кооптуу деп табылган аймактардан жалпы 185 үй-бүлө көчүрүлгөн. Турак жайларды табияттын ар кандай кырсыктарынан мамлекеттик камсыздандыруудан өткөрүүгө 12 миң 485 келишим түзүлүп, жумуш 6,58%га аткарылган.

Облус башчысынын биринчи орун басары Мамасалы Акматов бул багыттагы иштерди күчөтүү тапшырмасын берди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости