www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

-Биринчиси: ...исламий китептерди аудиолоштурган сайын, айрым фейсбукчулар жеке куржунума кат жазып, ислам дини, хадистер, Куран аяттары боюнча "сен тигиндей депсиң, а негизи мындай болчу.." деп талашка чакырчу болушту. Баарына жооп берип олтурбай, фейсбуктун жалпы дубалына бадырайта жазып коюуну эп көрдүм.

Урматтуу таксырлар, ме-еен өзү дин адиси эмесмин, мен тек Муфтияттын уруксааты менен басмаканадан чыккан китептерди үн чыгарып көркөм окуп, так эле ошол китептерди аудиолоштуруп эле койгон бир мусулман пендесимин, үн меники болгон менен, мен окугандын баары кайсы бир авторлордуку, аалымдардыкы болуп атпайбы, ботом.

Китеп басылып чыгып жатканда Мусулман дин башкармалыгындагы көздүүлөр, баамдуулар текшерип туруп анан китеп кылып чыгарышат да?

Андыктан талашам деп жулунгандар менен талашка түшүүгө акым да, укугум да, каалоом да жок, урматтуулар.

Экинчиси: ...Эрнис..бу жок эле болуп кеттиң, исламга баш отуң менен кирип, диндин жуурканын чүмкөнүп алдыңбы... саясаттан кеп таштап саясый байкоолорунду жазып турчу элең, аны таштадыңбы, чарчадыңбы...деген мааниде өзүмө жазгандар көп.

Чарчаган эткеним жок. Кээ бир саясый учурларды карап туруп ушундай бир жарылып жазгым келет,.. бирок ислам дини, Куран, хадис тармагын аудиолоштуруп жаткан соң, бул жагын бир тараптуу бүтүрүп алган соң, анан ыгы менен коомдо болуп жаткан саясый, социалдык өксүк мандемдерди айта да, жаза да берээрбиз.

Үчүнчүсү: Байка-аап жүрөм, кээ бир достор исламда кеги бардай намазга,сакалга, кийимге, дин усулдарына, молдолорго, диний аалымдарга асылганын койбой, "кыргызды ушулар курутат" дешип сайрап бутпөй эле коюшту, менимче бул туура эмес.

Ошол эле учурда айрым исламий катмардагы фейсбукчулар аяттарды, хадистерди, мисал келтирип, кимдир бирөөлөрдү "каапыр, тозоку.." дешип аша чабышууда, менимче бул да туура эмес.

Мейли атеистчилердин оюнча ислам туура эместир, мейли исламчылардын оюнча атеист такыр адам эместир,.. эн кур дегенде БААРЫНАН ТЫНЧТЫК МААНИЛҮҮ деген форматты сактап, ар ким өз пикиринде калып, бейпилдикти, сактоого салым кошсок, эч бир тарап эч нерсе уттурбас эле-ек, ардактуулар...

Эрнис Кыязов

Булак: NazarNews.kg
 

Последние новости