www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Башкы директорлукка менден да алда канча артыгыраак татыктуулар, мыктынын мыктылары бар экенин билем, бирок ал чон жоопкерчиликти көтөрүү насиби мага буюрулуптур. Мен сунушту кабыл алдым, жана ой калчап көрүп “макулмун” деген жообумду бердим. Жаңы өкмөттү парламенттеги дээрлик баардык фракциялар, КСДП фракциясы, а түгүл “Атамекен” фракциясы баш болгон фракциялар колдоп, үмүт артып аткан соң бул өкүмөт мурунку тырмоочтордун башын тебелебей, аны айланып өткөн акылдуу жолго түшөт го...деп мен да ишенгим келип, жеке телеканалдар саясый курал катары пайдаланылбастан профессионалдуулукка басым жасалаарына ниет кылып, Башкы директорлук ишке бел байладым.

“Жуурканга карап бутту сун”,- деген макал бар эмеспи, телевидениеде деле каражатка жараша продукция болот, каражатка карап мыкты же ортозаар команда чогулат. Кыйратабыз деп ар кайсыны алдын ала айтып ооз менен орок орбой кое турайын. Бир айтаарым, менде кандай жетекчилик амбиция, потенциал болсо ошонун баарын күчүмдүн болушунча реализациялаганга аракет кылам.

"Куттуктаарымды же аярымды билбеймин.." деп бир кесиптешим мени тамаша аралаш куттуктагандай, баш оорута турган каржылык, юридикалык маселелер бул жакта жетишээрлик эле экен, буюрса бир сыйра арысын ары, берисин бери кылган сон, сиздердин ар бир куттуктооңорду, тилек, каалоолоруңарды жамаатым менен кошо актоого аракет кылам. Куттуктоо айткан ар бириниздерге рахмат, Кудай силерди, мени, жамаатымды туура жолдон адаштырбасын, оомин, деп жазган белгилүү журнлист Эрнис Кыязов.

Эмне дейбиз, Эрнис мырзанын түйшүгү түрдүү болгон жетекчилик орду кут болсун! Ачуу чындыкты айтып чыгып, эл алдында жүрө бериңиз.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости