www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
..кыргыз тил көйгөйү боюнча көп эле көрсөттүүлөрдү, репортаждарды жасаарсын жасаган элем маалында, "..кокуй кыргыз тили куурап атат.." маанисинде. Азыркы иштеген ишимде иш кагаздарынын, документациянын баары чылк орусча экен. Албетте мында мыйзам бузуучулук жок,.. өлкөдө түпкү улуттан башкалар да бар, алардын укуктарын сыйлап, расмий тил барын эске алуубуз керек, өз үңкүрүбүздө эле быкшый бербей көп тил билүүбүз зарыл, мында кеп жок. Бирок ойлоном да,.. өзүм Кыргыз жергесинде жашасам, өлкөнүн аты Кыргыз Республикасы болуп жатса, анан эмнеге "мага чейин ушундай экен, мен да ошону уланта берейин.." деп көнүмүш номенклатуранын курмандыгы болушум керек? Мында келгениме жыйырма күндөн ашты, телекомпаниянын дарегине тиги-бу ведомстволордон, мамлекеттик органдардан келген каттардын көбү орус тилинде. Эми ал орусчаны түшүнбөй айлам куруп жаткан деле жерим жок, тек, негизи эле кыргыз тилин кемсинткен, этибар албаган кайдыгерликтин, шалаакылыктын көбүн мамлекеттик органдардан, компаниялардан, ведомстволордон, ишканалардан, банктардан ж.б. издесек туура болобу деп турам. Башкасын билбейм, каяккадыр жазчу катты деле, тиги-бу тарапка жолдочу дакүмүнтүн деле кыргызча жазып жатам, өзүн сыйлаган мамлекетте бул эрдик деле эмес, эч ким тан калбаган кадыреселик болушу керек. Эми кыскасы,..мурункудай "..Маскөө укса эмне дейт.." деп кылчактаган инстинкттен эртерээк арылып, сөзүбүздө, ишибизде эгемендүү кадамдарды таштасак болот эле..деп жазат белгилүү журналист, "5 каналдын" мүдүрү Эрнис Кыязов.
Чындыгында кыргыз тили деп какшап келебиз. 30 млндон ашуун калкы бар канча мамлекет эгемендүүлүктүн ээси болбой кыялдарга батып жүрсө, акыркы жылдары аткаминерлер, ата-бабалар канын төгүп күрөшүп келген кыргыз улутуна кайдыгер карап, кыргыз элинин тагдырына кол шилтеп келе жатат.
Булак: NazarNews.kg