www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эрнис Тилеков кызматтан кетти

Улуттук онкология жана гематология борборунун директору Эрнис Тилеков кызматтан кетти. Кызматтан кеткени тууралуу маалыматты ал өзү маалымат булактарына билдирди. 

Айтымында, ал аталган кызматтан өз ыктыяры менен кетип жатат жана анын талашып-тартышуу, актануу жана жетекчинин креслосуна жабышуу ниети жок.

"Улуттук онкология жана гематология борборунун директору кызматынан өз ыктыярым менен кеттим. Кийинки пландарым азырынча белгисиз. Мен тууралуу кээ бир социалдык тармактарга жазылып жаткан билдирүүлөрдү окубайм, карабайм", - деди Тилеков.

Белгилей кетсек, Эрнис Тилеков 2017-жылдан бери бул кызматты аркалап келген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости