www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо, ошондой эле, Конституциянын жаңы долбоору боюнча референдумга байланыштуу Ички иштер министрлигинин (ИИМ) кызматкерлери 5-апрелден баштап күчөтүлгөн тартипте иштей баштады.

Бул тууралуу министрликтин коомдук коопсуздук кызматынын жетекчиси Сталбек Рахманов дүйшөмбү күнү Борбордук шайлоо комиссиясынын ыкчам чара көрүү тобунун жыйынында айтты.

«Мыйзам бузуулар болсо ыкчам чара көрүү топтору менен биргеликте тез аранын ичинде чара көрүү тууралуу ички иштер министринин талаптары коюлган», - деди Рахманов.

Кыргызстанда 11-апрелде жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо өтөт. Ал күнү өлкөдөгү 448 кеңештин, анын ичинде 28 шаардык жана 420 айылдык кеңештин депутаттары шайланат.

Ушул эле күнү президенттик башкарууга багытталган Конституциянын жаңы долбоору референдумга коюлат.

Ички иштер министрлигинин буга чейин тараткан расмий маалыматына ылайык шайлоо жана референдум күнү коомдук коопсуздукту 11 миңден ашык милиция кызматкери камсыздайт. Шайлоо тилкелеринде төрт миңден ашык укук коргоо органдарынын кызматкерлери иштейт. Мыйзам бузууларды алдын алып, чара көрүү үчүн 215 документтештирүү тобу түзүлдү. Ал топтордо 900дөн ашык кызматкер күчөтүлгөн тартипте иш алып барат.

Ошондой эле, 380ден ашык автоунаа менен 1 500ден ашык кызматкер шайлоо өтүп жаткан аймактарда жол кыймылынын коопсуздугун камсыздайт. Алты миңден ашык элдик кошуун ички иштер органдарынын кызматкерлерине көмөк көрсөтөт. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости