www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кайрадан эле дүйнө жүзүндөгү кир шаарлардын алдыңкы сабына чыктык. Көпчүлүк эл санаага батууда. Жаңы конуштарда жана ТЭЦте сапатсыз көмүрдүн жагылышы, айрым жерлерде ар кандай калдыктар менен жылынгандар, миңдеген эски машиналардан булганыч түтүндүн чыгышы - Бишкек шаарын ышка чулгап салды.
Улуттук онкология жана гематология борборунун жетекчиси Эрнис Тилековдон учурда Кыргызстанда каттоодо турган рак оорулары жана бул оорунун жаралышына булганыч экологиянын таасири тууралуу маектештик.
- Борбор калааны каптаган ыштын, булганыч абанын ден-соолукка таасири тууралуу ой болүшсөңүз?
- Бул ыш организмге сөз жок терс таасирин тийгизбей койбойт. Бирок, канча кыйкырганыбыз менен ыштан кыш бүтмөйүн кутула албашыбыз да белгилүү. Көпчүлүк үй-бүлөлөр көмүр эле эмес, резиналарды, желим калдыктарды жагып жатышат. Кошуна-колоңдор менен урушканыбыз урушкан. Бирок, коом өзү ойгонуш керек. «Эмне болсо ошо болсун» деген оокат болбойт. Биздин жаңы конуштардын баары газга өтмөйүнчө бул көйгөйдөн арылыш кыйын. Мындай көйгөйлөр көп чоң шаарларда бар. Көмүр жагууну азайтмайын ыштан кутула албайбыз.
Мен да Ак-Өргө конушунда жашайм. Үйгө жеткенче дем алуум оорлоп, абанын булганычын сезем, кыйналам, бирок айла жок. Бул көйгөй менен күрөшүү үчүн ар бир адам, ар бир үй-бүлө өздөрүнөн башташ керек. Бирөөнү күнөөлөй берүүдөн маселе чечилбейт.
Ыштын ден-соолукка зыяны чоң. Рак эле эмес, өпкөнүн жана башка майыптыкка чейин жеткирүүчү оорулардын булагы. Улуу-кичүү дебей дем алган адамдын баарына сөзсүз зыяндуулугу бар.
Булак: «Азия News» гезити