www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Башкы прокуратуранын Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксаат берүү боюнча түзүлгөн депутаттык комиссия өз ишин жыйынтыктаганы айтылды.

Бизге жеткен маалыматка ылайык, эртең, 22-июнда депутаттык комиссиянын чыгарган корутундусу парламенттин жалпы жыйынында каралат. Ак үйдөгү шыбыштарга караганда, депутаттык комиссия Адахан Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксаат берүү боюнча Башкы прокурордун сунушун колдогон. 

Эми бул иш жалпы депутаттардын эркин сынаган окуя болот.

Эл өкүлдөрү Мадумаровдун камалышын камсыздап беришеби, же мындай иш эртең ар бирибиздин башыбызга келиши мүмкүн дешип калкалап калышабы айтуу кыйын болуп турат.

Бирок, маселе чечилип калды, "Мадумаров камалат" деген пикирлер арбын сөз болуп жатат...

Макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу мүмкүн эмес.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости