www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мектепти аяктоо аземин өткөрүүдө бүтүрүүчүлөрдүн коопсуздугу милициянын катуу көзөмөлүндө болот. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Урматтуу ата-энелер жана мугалимдер, балдардын мектепти аяктоо аземин жогорку уюштуруучулук менен өткөрөбүз деген максатта мыйзамсыз аракеттерге жол бербөөгө чакырабыз.

Акыркы коңгуроо аземин өткөрүүдө дагы коюлган чектөөлөргө карабастан айдоочулук күбөлүгү жок балдарга унаа башкарууга жол берген учурлар болот. Андыктан ата-энелерге, мугалимдерге жана бүтүрүүчүлөргө айтарыбыз, кортеждерди түзүп айдабай, унаанын терезесинен тулку боюн чыгарбай, спирт ичимдиктерин ичпей, коомдук жайларда тартипти бузбай, уруксаат берилбеген жерлерде сууга түшпөй, унааларды өз алдынча башкарууга бербей, ата-энелердин жана мугалимдердин көзөмөлүнөн чыгарбоону суранабыз", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, коопсуздук иш-чараларын камсыздоого республика боюнча 5 миңге жакын милиция кызматкерлери билим берүү мекемелеринде кызмат өтөшөт. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча рейддик иш-чаралар өткөрүлөт.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости