www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Урматтуу окурмандар, сиздердин алдыңыздарга NazarNews маалымат агенттиги буга чейин дагы уурдалган жана плагиатор ырчыларды ачыкка чыгарып келгенбиз. Мындан ары да “Уурдалган ырлар же плагиатор ырчылар” аттуу рубрикабызды тартуулай бермекчибиз. Бул рубрикадан сиздер кыргыз ырчыларынын чет элдик ырчылардын ырларын уурдап же плагиаттык кылып ырларды аткарып жүргөндөрүн жарыя кылабыз.

Кыргыз шоу-бизнесинде ырчылар көбөйдү. Бул жакшы нерсе. Бирок алардын арасында "таланты бар таанышы жоктор" четке сүрүлүп калып кетсе, кээ бир үнүн уксак коркуп кете турган ырчылар, компьютердин жардамы менен жылдыз болуп жүргөндөр да жок эмес.

Акыркы жылдары коёндой окшош ырлар көп жарала баштады. Бирок, азыр ырчысы, аранжировщиги деле ильхомго карап, эмгектенбей эле даяр ырларды уурдап, хит кылып, авторлору менен иши жок которуп ырдап жүргөндөр көбөйдү. Канткен күндө да айрым ырчылар музыкалык форма, натуралдык үндүн жана музыкалык акустиканын эрежелерин сактап жүрүшсө жакшы болмок.

Былтыркы жылы Өзбекстандын таланттуу ырчы мырзасы Одилбек Абдуллаев “Мандада юрак бор” аттуу ырды аткарып чыкпаса, "Биздин ырчылар эмне кылмак?" деген суроо келет. Тез эле убакытта хитке айланып кеткен бул чыгарманы ырдабаган киши болгон жок десек жаңылышпайбыз.

Эң алгачкылардан болуп бул ырды ажарлуу актриса жана ырчы Гүлсина Чотонова эжекебиз которуп ырдап чыгып, “Тик ток” желесинде кызуу хит кылган эле. Эжекебиздин ыры кулакка тез эле сиңип баарыбыз “Менде да жүрөк бар” деп калганыбыз бар. Андан соң, өпкөсү төшүнөн ашып турган ырчыбыз Калыс Жакыпов жана бир канча ырчылар, блогерлер арты артынан аткарып чыгышты.

Ырдын аткаруучулары көп болсо да, кызганыч деген нерсе ошончолук кызуу болот тура. Бири-бирине тыюу салып, "сотко берем" дегенге чейин барышкан ырчыларыбыз жок эмес. Ал эмес тойлордо да “менин ырым сен ырдаба” деген авторлор да жок эмес...

Бул ырдын арты менен Калыс мырза өзүнүн тарбиясыздыгын ыр талаштын айынан көрсөтүп алды десек жаңылбайбыз. Гүлсина айым менен чырдашып, каяша айтып "Мен ырдайм" деген ырчы мырзабыз бул ырды көп аткарбай калды көрүнөт. Кандай болсо да, авторлор ырды ырдалсын деп чыгарат эмеспи. Андыктан, канчалык ыр көп ырдалса, талаш болсо ошончолук Одилбек мырзага упай топтолбойбу туурабы?

Төмөндө ырдын бир нече варианты бар. Ырларды угуп, ырчыларга өз бааңыздарды бериңиздер окурмандар!

Өзбекче:

Кыргызча варианттар:

Макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу мүмкүн эмес.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости