www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда 8-март Аялдардын эл аралык күнүндө «Аялдардын шериктештик маршы» болуп өткөн. Жыйынтыгында жүрүшкө катышкандарды Жеңиш аянтында баштаган топту милиция кармап кеткен. Алардын башында турган «ана» башчылары башталгыч кесиптик билим берүү агенттигинин директору болуп дайындалган Рита Карасартова менен Алтын Капалова бар. Рита Карасартовага Билим Берүү министрлиги тарабынан азырынча эч кандай эскертүү бериле элек.

Райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары Эрлан Атантаев «Аялдардын шериктештик маршында» кармалгандар алар уруксат берилбеген жерде митинг өткөрүшкөндүгү үчүн милиция тарабынан кармалагандыгын билдирген.

Бизге жеткен маалыматтарга таянсак эртең, 10-мартта, 8-мартта кармалгандарды колдоп ЛГБТнын өкүлдөрү митингке чыгат. Маалыматтарга таянсак ЛГБТнын өкүлдөрү менен чабышууга кандайдыр бир топ даяр экендиги тымызын айтылууда. Бул жолу алар калпаксыз жана беткапсыз аларга чабуулга өтө тургандыгы айтылууда.

Эске сала кетсек, жергиликтүү соттор Биринчи май, Ленин, Октябрь райондорунун бийликтеринин арызынын негизинде расмий эмес иш-чараларды, анын ичинде марштарды, митингдерди өткөрүүгө 1-июлга чейин чектөө киргизген.  

Булак: NazarNews.kg

Последние новости