www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өкмөттүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди. Эртең, 8-июнда, Бишкекте Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун (ЖККУ) аскердик-экономикалык кызматташтыгы боюнча Мамлекеттер аралык комиссиясынын XV жыйыны өтөт. Жыйында аскердик-экономикалык кызматташуу багытындагы актуалдуу маселелер каралып, соңунда бир катар документтерге кол коюу пландалууда.

Иш чарага вице-премьер-министр Жеңиш Разаков, Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Дмитрий Рогозин, Армения Республикасынын Коргоо министринин орун басары Давид Пахчанян, Беларусь Республикасынын аскердик-өндүрүш мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Дмитрий Пантус, Казакстан Республикасынын Коргоо министринин орун басары Талгат Жанжуменов, Тажикстан Республикасынын өнөр жай жана жаңы технологиялар министри Шавкат Бобозода жана ЖККУ баш катчысынын орун басары Валерий Семериков катышат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости