www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Эртең, 26-майда Бишкек - Санкт-Петербург - Москва каттамы боюнча Россиянын мамлекеттик "Аэрофлот" авиакомпаниясынын учуусу пландалууда. Бул тууралуу Россиянын Кыргызстандагы элчилиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, борттогу орундар мамлекеттик кызматтардын порталында катталган жарандарга гана берилет. Мындан тышкары, алар Москва, Санкт-Петербург, Москва, Ленинград, Владимир, Иваново, Калуга, Рязань, Смоленск, Тверь, Тула, Ярославль, Брянск, Орел, Липецк, Тамбов, Воронеж, Курск, Псков, Новгород, Вологда, Кострома, Ульяновск, Нижний Новгород, Пенза облустары, Мордовия жана Карелия аймактарына бара турчу жүрүүчүлөр кете алат.
“Аэрофлот", "Урал аба жолдору" жана "S7" авиакомпаниясынын билеттери кабыл алынат (токтотулган каттамдар үчүн). Эгер билет жок болсо, аны аэропорттон учаардан мурун сатып алууга болот ”, - деп айтылат билдирүүдө.
"Манас" аэропортунун басма сөз кызматы Россияга кете турган бул каттамдар орус жарандары үчүн арналганын, кыргыз тарап сыяктуу Россия да өз жарандарына чартердик каттам уюштуруу аракетин жүргүзүп жатканын NazarNewsка билдирди.
Булак: NazarNews.kg