www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эртең калаанын айрым жерлеринде электр жарыгы өчүрүлөт

Эртең, 16-сентябрда, Бишкектин бир нече жеринде электр кубаты өчүрүлөт, айрым көчөлөрдө кечке чейин болбойт. Бул тууралуу "Түндүк электр" ишканасынын маалымат кызматы билдирди.

"Түндүк электр" менен "Электросила" ишканалары электр жарыгынын өчүрүлүшүнө кышка даярдык көрүү жана бир катар станцияларда оңдоо иштери себеп экендигин түшүндүрдү.

  • 09:00дөн 14:00гө чейин — Көк-Жар конушу  (Сайма-Таш, Молдокулов, Көк-Жайык, Акылбеков көч.);
  • 09:00дөн 17:00гө чейин — Москва көч. № 15, Суюмбаев көч. № 15, Чыгыш-5 кичи районундагы № 8/2 үй жана Мурас-Ордонун бир бөлүгү;
  • 09:00дөн 18:00гө чейин — Патрис Лумумба көч. № 145,  Чыңгыз Айтматов проспектинин, Пожарск-Минин көч. бир бөлүгүндө, Көк-Жар конушунда (Арстанбап, Кулмурзаев көч.) Арча-Бешикте (14–17, Арча-1, Арча-3 көч.);
  • 09:30дан 18:00гө чейин —  Дэн Сяопин пр., Циолковский, Чортеков, Айни, Абдраев, Сельсовет, Путь, Месарош, Арзамас, Жамгырчинов, Орозов, 2-товар көч. бир бөлүгүндө, Шиш-Төбө чолок көч. жана Көлмө конушунда (Жеткинчек, Максат, Кулиев, Теңдик, Медина, Дастан, Жаштык көч.);
  • 10-00дөн 15-00гө чейин — Көк-Жар конушунда (Куйручук, Молдокулов көч.);
  • 10-00дөн 18-00гө чейин — Красный строитель конушунда;
  • 13:00дөн 17:00гө чейин — Учкун кичи районунда ( Үч-Туулга, Чуңкурчак көч.) өчүрүлөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости