www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Табитиңиз ачык, күн бою сергек жүрүүнү кааласаңыз эртең мененкисин углевод жана белокторго бай төмөнкү азыктар менен тамактаныңыз.  

Помидор
Сезон убагында болушунча көп жешти талап кылган помидорду банкага жаап сактоо менен кышында дагы колдонуңуз. Түрдүү инфекцияларга каршы организмдин күчүн арттыруучу, кубаттуу антиоксидант помидордун дагы бир өзгөчөлүгү: картаюну жайлатып, кан басымын түшүрөт. Ошондой эле терини коргоочу касиетке ээ.

Жаңгак
Жүрөк жана кант ооруларына каршы күрөшүүчү жаңгакты күн сайын жеп туруу кан басымды түшүрөт. Иммундук системасынын иштөөсүн жакшыртып, көкүрөк, жоон ичеги, простатит сыяктуу рак ооруларынын алдын алат. Ошол эле мезгилде Паркинсон жана Альцгеймер оорусуна кабылуу ыктымалдыгын азайтат. 

Жумуртка
А, D, Е жана B витаминдерине бай жумуртканын курамында башка витаминдер дагы бар. Темир жана цинк сыяктуу маанилүү минералдарды камтыгандыктан жумуртканы күнүгө сөзсүз жеш керек. Айрыкча, эртең менен күнүнө жок дегенде бирден сууга бышырылган жумуртка жеп коюу менен ден соолугуңузга чоң салым кошкон болосуз.

Айран
Кальцийдин запасы болгон айран курамындагы белок аркылуу түнү бою ачка калган организмди, рухту тазалоочу күчкө ээ. Курамындагы пайдалуу бактериялар иммундук системаны жөнгө салып, жүрөк-кан тамыр ооруларынын алдын алат.

Чай
Эртең мененки тамактын алмашылгыс суусундугу болгон чайдын дагы таасирдүү өзгөчөлүктөрү бар. Кара, жашыл же ак чай – бардыгынын курамында антиоксидант бар. Ошентсе да көк чай ден соолукка көбүрөөк пайдалуу.

Банан
Калийге бай банан, табигый таттуу курамы менен таттууга болгон табитти азайтып, көпкө ток жүрүүнү камсыз кылат.

Бадам
Жумуртка же сүт колдонбогондор үчүн бадам табылгыс белок булагы болуп саналат. Ошол эле мезгилде тери үчүн эң керектүү Е витаминине бай.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости