www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Эртең Москвада Орусиянын президенти Владимир Путин, Азербайжандын президенти Илхам Алиев жана Армениянын премьер-министри Никол Пашинян ортосунда үч тараптуу жолугушуу болот. Бул тууралуу трт.нет жазып чыкты.
(Россиянын Президенттик Сарайы) Кремль жасаган билдирүүдө Путиндин демилгеси менен 2021-жылдын 11-январында Москвада Алиев менен Пашиняндын катышуусунда үч тараптуу жолугушуу болору жарыяланган.
Билдирүүгө ылайык, 2020-жылдын 9-ноябрында Тоолуу Карабах боюнча кол коюлган биргелешкен декларацияны ишке ашыруу процессинин жүрүшү жана аймактагы көйгөйлөрдү чечүү үчүн жасала турган кадамдарды талкуулоо пландаштырылууда.
Путин Алиев жана Пашинян менен өз өзүнчө жолугушууларды өткөрүүнү пландап жатат.
Сүйлөшүүлөрдүн негизинен жаңжалдан жапа чеккен аймактарда жашагандарга гуманитардык жардам көрсөтүү, ошондой эле соода, экономика жана транспорттук тармактардагы тоскоолдуктарды жоюу жана иштеп чыгуу маселелери каралат.