www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Сауд Аравиясында коронавирус пандемиясы киргизген бардык чектөөлөр 31-марттан баштап алынып салынат. Бул тууралуу өлкөнүн расмий маалымат агенттиги билдирди. Падышалык үй кеңсесинин билдирүүсүндө, кургактык жана деңиз портторунун бардыгы кайрадан ачылат деп айтылган.
Чек араларды ачуу бийлик тарабынан белгиленген вирустун мындан ары жайылышына жол бербөө үчүн коюлган чектөөлөргө жана алдын-алуу иш-чараларына ылайык жүргүзүлөт, деп кошумчалады маалымат агенттиги.
Сауд Аравиясында COVID-19 инфекциясын жуктуруп алгандардын саны 98%га чейин азайган жана вируска каршы эмдөө өнөктүгү башталган. Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлүнүн айтымында, 7-январга карата 137 862 адам Pfizer / BioNTech антивирусу менен эмделди.
Булак: NazarNews.kg