www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эртең, 6-ноябрда, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин инаугурациясы өтөт. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан жазды.

Салтанаттуу аземге парламенттин жогорку жана төмөнкү палаталарынын, өкмөттүн мүчөлөрү катышат. Ошондой эле дипломатиялык корпустун өкүлдөрү дагы чакырылат.

"Буга чейин Өзбекстандын Борбордук шайлоо комиссиясы аземге даярдык көрүлүп жатканын кабарлаган. Иш-чара Сенаттын жаңы имаратында өтмөкчү", — деп айтылат маалыматта.

Шайлоо мыйзамдарына ылайык, мамлекет башчысы БШК шайлоонун расмий жыйынтыгын жарыялагандан кийин эки айдан кеч эмес убакытта парламентте ант берип кызматына киришет.

Өзбекстандагы президенттик шайлоо 24-октябрда өтүп, Шавкат Мирзиёев элдин добушунун 80,12 пайызын алып жеңип чыккан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости