www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Франция Ирандын Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттик менен кызматташпай жатышына кандай жооп кайтаруу керектигин өнөктөштөр менен талкуулап жатканын билдирди. Француз Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Анн-Клэр Лежандр 4-ноябрда маалымдагандай, Париж Тегерандын өзүнө алган милдеттенмелерди аткарышына жакындан байкоо салып турат.

"Иран чечиле элек маселелерди жөнгө салуу үчүн агенттик менен диалогду жана кызматташтыкты жандантууга тийиш", - деди Лежандр.

Ирандын өзөктүк программасы боюнча эл аралык келишимди сактап калууну көздөгөн сүйлөшүүлөр дээрлик беш айлык тыныгуудан кийин 29-ноябрда уланарын 3-ноябрда Европа Биримдигинин расмий өкүлү билдирди.

2015-жылы Иран менен дүйнөнүн алты державасы – Британия, Кытай, Франция, Германия, Орусия жана АКШ кол койгон келишимге ылайык, Тегеран өзүнүн атомдук программасын чектемек. Бул үчүн өлкөгө каршы киргизилген экономикалык санкциялар акырындык менен алынмак.

2018-жылы АКШнын ошол кездеги президенти Дональд Трамп келишимден чыгып кетип, санкциялар калыбына келе баштаган. Ошондон кийин Ислам жумурияты документтеги милдеттенмелерин аткаруудан баш тарткан.

Быйыл Венада Иран жана дүйнөлүк алты держава ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн алты айлампасы өткөн.

Батыш Иран атомдук куралдын үстүнөн тымызын иштеп жатканын айтып келсе, Тегеран бийлиги программасы тынчтык максаттарын гана көздөрүн билдирүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости