www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Милициянын кайгуул кызматкерлери уурулукка шектелген кызды кармады. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.

Ушул жылдын 5-ноябрында болжол менен саат 06:40 чамасында Бишкек ШИИББинин 102 кызматына Тоголок Молдо көчөсүнөн акчамды уурдап кетти деген маалымат келип түшкөн. Айтылган дарекке милициянын кайгуул кызматкерлери келип, маалыматты тактаганда 1992-жылы туулган Т.М. аттуу жаран арыз менен кайрылган.

Анда Тоголок Молдо көчөсүндө жайгашкан эс алуучу жайлардын биринде белгисиз кыз арыз ээсинин 18 миң сом өлчөмүндөгү акчасын уурдап кеткен. Ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүп, кылмыш изи сууй электе кылмышка шектүү катары 2001-жылы туулган С.В. аттуу кыз кармалып, Биринчи Май РИИБинин тергөө кызматына жеткирилген.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, азыркы учурда тергөө иштери жүрүүдө. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости