www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Эсенбай эсепчи» китебин жазып атып Эсенбайдын небере, чөбүрөлөрүнө ар тараптан жардам берүүлөрүн сурангам. Эсенбай небереси Бурул китепти чыгарууга жардам берерин билдирген, «Сөз бир, кулак эки» бул чоң жардам. Эсенбайдын дагы бир небереси Венера: «Айтып бүткүс ДАСТАНЫМ» дегенди жазып берди. Андан тышкары Шербеттин «Эсенбай эсепчи», Сиезбектин «Чогариктер», Жаныбектин «Сүйүн апа» тууралуу жазгандарын коштук. Эсенбай небереси Венеранын жазгандарына көңүл буралы.
Айтып бүткүс ДАСТАНЫМ
«Эл башы болгончо, суу башы бол»- дегендей, шаркырап аккан суунун боюндагы, дөбө түбүндөгү, бак- шагы жайнаган, жер жемиши төгүлгөн ажайып бир бейиштей болгон үйдө балалыктын бакытына бөлөп чоңойттунуздар. Кыйынчылыктан коргоп турган Чеп, аркабызда таяп турган Тоо,жолубузду нурданткан Күн сыяктуу элеңиздер. Жашоомдо башка эч кимден сиздер берген чексиз сүйүүнү, эч жерден ал үйдөгүдөй бейпилдикти, тынччылыкты сезбей келем. Атоов!!! Согуштагы эрдиктериңизди, өлкөгө өтөгөн эмгегиңизди, миң сандаган жаштарга берген билим, тарбияңызды, элге сиңген урмат - сыйыңызды айтпаганда деле,14 баланы Апам экөөңүздөр тарбиялап, чоңойтуп, ар бирибизге жогорку билим берип, окутуп, иштетип,куда - сөөк күткөндөгү сиңирген зор эмгегиңиздер бар. Сиздер барда жүрөгүбүз тынч, көңүлүбүз ток эле. Шербет эжемдин ырындагыдай: »Айланайын, бул жашоодо барсынбы? « - деп сурап турган тирегибиз бар эле.Сиздер канча жашка келбесеңиздер деле таянып, ишенип, ар бирибиз жалгыз балача эркелеп жашачу элек.Бизге бөлгөн убактыныздар, жумшаган эмгегиңиздер, берген сүйүүңүздөрдүн жыйынтыгында ар бирибиз турмушта татыктуу орун алдык. Бермет,Шербет эжекемдер, Азизбек агам да силердин эмгектин натыйжасында Кыргыз элине белгилүү ишкер, акын- жазуучу болуп чыгышты.Ар бирибиздин жетишкен ийгиликтерибиз, дипломдорубуз, сыйлыктарыбыз, коомдогу ордубуз үчүн сиздерге милдеттүүбүз. Ыраазычылыгыбызды миң мертебе кайталасак аздык кылаар, эң өнөмдүүсү Сиздер бизге ыраазы болсоңуздар экен. Согуштагы эрдиктериңизди,мамлекетке сиңирген эмгектериңизди көп жазышты.Булар санап бүткүс, көп томдуу китептерге сыйбас.Мен болсо сиздин кандай Асыл Ата болгонуңуз, Адамдык жакшы сапаттарыңыз жөнүндө гана жазгым келди. ....Өтө боорукер, жумшак элеңиз.Байкемдер тентектик кылганда Апамды чакырып: « Күкү ,чапчы ушуну, чапчы, «-деп калчу дешет.Мен андайыңызды да көргөн жокмун. Эшиктен киргендер : « Үйүңөрдө тыптынч, киши жок го десе, балдар баары эле бар тура»- дешчү. Үй ичинде бир да жолу ызы-чуу салып, чуру чуу түшүргөн, Апама же бизге катуу үн чыгарган бир да окуяга күбө болбодум. Ыраматылык Бермет эжекем эскерип калчу эле: «Ызы-чуу салып, мас абалында балдарын эзип тажаткан бир Тайкебиздин үйүнөн чыгып келатып, Атам: «Силерге кооз жерлерди көргөзүп, түрлөп-кымбат кийим кийгизе албасам да, бүгүнкүдөй азапты көргөзгөн жокмун», -деген деп.
...Өтө маданияттуу, сылык элеңиз. Ким менен сүйлөшсөнүз да, жумшак мамиле кылып, жылуу сөз айтып, ар бир маселени оң жагына чечип келчүсүз.Балдарыңыз үчүн канча кишиге барып кызмат,окуу, иш, үй ж.б.иштерди бүтүрдүңүз экен? Айнур эжекем,Жездемдер үй алгандагы бир окуя эсимде.Азоо аттай жулкулдаган бир еврей аялга:» Дорогая Дорочка...»-, деп сөз баштап ала турган үйдүн баасын түшүрүп келгениңизди күлүп эскеребиз. ...Өтө эмгекчил, сарамжалдуу элеңиз.Кара Суу айылында биринчилерден болуп алма, өрүк, карагат тигилген, өрдөк- каз, үндүк, тоок, коен багылган, корообуздан кой козу үзүлбөгөн, 2-3 төн уй саалган, чакаларда сары май, тоң май,варенье, чараларда сүт-айран, мүшөктөрдө ун, кумшекер, талкан батпаган складыбыз бар эле.» Апамдын туздалган капустасын эч бир жерден жебедим»-, деп калчу эле ыраматылык Сиез байкем.Баарыбыз ден соолукта, аманчылыкта чоңойгонубуз да витаминдүү тамак аштандыр.Кээ бир ата- эне булардан азыр деле түшүнүгү жок. Ошол Совет убагында эле биринчи болуп Жигули, Москвич, телевизор, холодильник ж.б буюмдарды алыптырсыздар.Телевизор көрүш үчүн бүт айыл келчү дешет. Гүлнур эжекеме алган коляска да айылда биринчи экен.
...Өтө билимдүү оратор элеңиз... Сабактарыңызда, докладдарыңызда, телевизордо сүйлөгөн сөздөрүңүз угуучуларды өзүнө тартып, муютуп, ишендирип турган касиетиниз бар эле. Мен университетте иштеп жүргөндө бир канча жолу 9- майда студенттер менен жолугушуу уюштурдум. Согуш жөнүндө айтып атып ошол апаат күндөрдү, майдан талаасын кайрадан көрүп аткандай, бомба жарылып, октор учкандай сүрөттөөр элеңиз.Ошол жолугушуулар канчалаган келечектин муундарын патриоттуулукка, Мекенди үчүн күрөшкө, намыстуулукка, эр жүрөк болгонго үндөдү.Студенттер гана эмес, окутуучулар үчүн да күчтүүлүктүн, бекем эрктин, кайраттуулуктун эталону болуп калдыңыз. ...Өтө сезимтал, кайрымдуу элеңиз.. Сизден иш, кызмат, карыз ж.б. сурап келгендерден эшик жабылчу эмес. Келгендерди да ыраазы кылып узатчусуз.Ооруганды сурап, маркумдарга куран окуп инсандык парзынызды да өтөп турчусуз.Бермет эжекем көп айтып берчү эле:» Кичирээгимде эле Кочкордон окуудан алып келатып, кызым деп сыйлап, атка мени отургузуп, аксаган буту менен атты жетелеп алчу эле»-, деп.Айгүл эжекем да Ак сууда санаторияда жатканда Атам көрөм деп келип, керебетке эжекемди жаткырып,өзү отургучта тан атырчу дешчү. 4,5 жаштарымда мени Москвага барабыз деп, Кочкорго барып тиштеримди суурутуп келгенсиз.Экинчи Москвага барбайм деп жол бою ыйлап келсем, мени менен кошо жашып, кейип жалынып келгениңиз эсимде.Кызымдын тишине жумшак деп, коробкалап пряник алчу элеңиз.Ар бир балаңыз ооруганда кошо ооруп, капаланып, кейип, уктабай чыкчу элеңиз. Сиздер чеккен кыйынчылыктарды биз кийин түшүндүк. Балам ,балалуу болгондо билээрсиң дегендей....Өтө көрөгөч, акылман элеңиз...Түрк тилинде макал- лакап кыргызча Ата сөзү деп которулат.Ушул термин сизге ылайыктуудай. « Иш деген саан уйдай, киреше таамып турат», « Кеп акчаны канча тапканда эмес, кандай жумшаганда», «Бир күкүмдүн да сурагы бар», «Эмгектен баар табасың», « Ичкилик ичкен, ооруну акчага сатып алгандай» деген сөздөрүңүз биз үчүн - Мурас. ...Өтө карамдуу, баласаак элеңиз... Акылбек байкемди « бала» деп, бизди Бекин, Шекин, Букентай, Айнука, Айгулка, Гукубай, Венкатай, Жалынка деп эркелетип чакырчусуз. Күйөө бала, келиндериңизге да жумшак элеңиз «Токонбай, Факу, Айнука, Ишенбай»... дечү элеңиз.Тукубай, Толгошка, Жакыбай деп балдарыма жалбарчусуз.» Жакы, Жакыбай»-, деп калчусуз.» Оов, Таята», десе ,» Үнүңдөн айланайын, сен жанымда болсоң көңүлүм ток»-, деп калчусуз Жакшылыкка. Баардык неберелер сиздердин ак батаңыздар менен өсүп өнүп, жакшы адамдар болуп чыгышты. ...Өтө заманбап,түшүнүктүү элеңиз... Радиоңуздан дүйнө жүзүндөгү кабарларды, аба ырайын, жаңы чыккан гаджеттерди, технологияны, доллардын курсун сизден үйрөнчү элек. Акылман эсепчи, астролог Чоң Атабыз Эсенбайдын терең акылдуулугу, билимдүүлүгү, көсөмдүүлүгү,эрктүүлүгү, зиректиги жана Чоң Апам Сүйүндүн айкөлдүгү, жумшактыгы, боорукерлиги, чынчылдыгы, тазалыгы - баары Сизде бар эле.Чоң Атам Чоң Апамды биринчи көргөндө эле маңдайыңда эки жылдыз жанып турат деген экен.Турдубек атам экөөңөрдү эки жылдызга теңеп.Ооба, менин жашоомдо караңгы жолду жарык кылган, бийиктикке умтултуп, эртеңки күнгө үмүт берген Алтын Жылдызым сиз болдуңуз... Июль айынын аягы эле.Жаңы эле укол сайып жаныңыздан чыкканда Айгүл эжекем кайра чакырды.Шашып кирип Апамдын жаныңызда отурганын көрдүм.Колунан кармап:» Эки дүйнөдө ыраазымын» -, дедиңиз. Ушул бир сүйлөмдүн ичинде өмүр бою бирге өмүр сүрүп, оор- жеңилиңизди көтөрүшүп, өйдө- ылдыйда жөлөк болгон,кайгынызды бөлүшүп, ийгилигиңизге сүйүнгон, оору- сыркооңузда колдоп келген теңиңиз, жарыңыз Апама ыраазы болуп, коштошуп аттыңыз.Бир кылымдык жашоо көз алдыңыздан чубурду го? « Айгүлка, Венка ыраазымын.Өмүрүңөргө береке...»,- деген эң акыркы сөздөрүңүз болду.Тилден калдыңыз.3 күндөн кийин үзүлүп кеттиңиз...Сизден айрылганда жүрөгүмдөн бир парча үзүлүп кеткендей, этим эмес жаным ачыгандай, көзүм эмес көөнүм ыйлагандай болду.Жашообузда жыгылсак тургузуп, аксасак жөлөгөн, кайгырсак сооротуп, сүйүнсөк кошо кубанган баа жеткис кымбат Кенчтерибиз элеңер.Чын жүрөктөн күйүп, бизге жакшылык гана тилеген Ардактууларыбыз элеңер.Карааныңардан кагылайын Атакем, Апакем - өмүрүм өткөнчө жазып түгөтө албаган Чыгармам ; айтып бүткөрө албаган Дастаным ; суктанган, сыймыктанган, жашоодо эч кимге окшоштура албаган чыныгы Каарманым, ордун толтура албаган Асылзаттарым.Таазим кылам,чексиз ыраазычылыгымды билдирем, билип билбей кетирген каталарым үчүн кечирим сурайм.Ар бир намазымда Сиздердин жана көзү өтүп кеткен Эжекелерим Бермет, Шербеттин, Агаларым Сиезбек,Дамирбектердин, Жезделерим Алым, Кербендердин Сиңдилерим Жанат, Алтынайлардын рухтарына куран окуп, дуба кылып, бейиштеги ордуңарды тилейм. Жаткан жериңер жайлуу болсун!
Венера Эсенбаева
[17:53, 23.10.2021]
P.S: Бул макала жазылган соң Эсенбай небереси Акылбек да акты карады...