www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эмгек, социалдык жактан коргоо жана миграция министрлиги квалификацияны жогорулатуу жана сертификациялоо боюнча ведомстволук фонд ачууну сунуштап жатат.

Министрлер кабинетинин токтому коомдук талкууга чыкты.

Фонд кыргызстандыктарды азыр өтө керектүү болуп жаткан кесиптерге даярдап, кайра окутуп, уникалдуу ыкмалар менен адистердин тажрыйбасын баалап, алардын квалификациясын аныктамакчы.

Ошондой эле мекеме адистин компетенттүүлүгү кесибине ылайык келер-келбесин карап, тактайт. Негиздемеде бул нерселердин бардыгына Кыргызстанда жана чет өлкөлөрдө иштеген же жумуш издеп жүргөн жарандардын колу жетери айтылган. Ошондой эле квалификациялуу, тажрыйбасы бар кызматкерлерди издеген ишканалардын жетекчилери фондго кайрылса болот, аны тапкандан кийин мекеме ылайыктуу талапкерлерди окутуп, даярдап, тандап алат.

Бирок бийлик бир катар окутуу жана жумуш издөө кызматтары үчүн акы төлөнчү вариантын четке каккан жок. Келечекте бул бюджетке жыл сайын үч миллиард сомго чейин киреше алып келиши мүмкүн.

Фонд калктын жетишпей жашаган бөлүгүн, көп балалуу бүлөлөрдү, эмгек мигранттарын, майыптыгы бар адамдарды, мектеп-интернаттардын жана балдар үйүнүн бүтүрүүчүлөрүн, оор турмушка кабылгандарды окутууга жана кесипке кайра даярдоого өзгөчө көңүл бурары айтылды.

Аны 2016-жылы түзүлгөн ушундай эле фондунун базасында түзүү сунушталууда. Министрлик функциялар жана ыйгарым укуктарынын кеңейишин айырмачылык катары түшүндүрүүдө. Алгачкы этапта Кыргызстан боюнча он филиал ачуу пландалып жатат. Бул үчүн бюджеттен акча керек, бирок документте булак көрсөтүлгөн эмес.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости