www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
"Жал" кичи районунун жашоочулары нааразы болуп жатышканын депутат Жеңишбек Токторбаев бүгүн, 22-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Депутаттын айтымында, тургундар "Батуми" кафеси бузулуп, "Шашлычная №1" кафеси калганына нааразы болушкан.
"Шашлычная №1" "Батумиден" 5 метр аралыкта жайгашканы. Эмне үчүн мындай адилетсиздик болуп жатат? Мыйзам алдында баарыбыз бирдейбиз. Эгер "Батуминин" ээси жакпаса, бузуп салса болот, бирок "Шашлычная №1" кафесинин ээлери жетекчилик менен жакшы мамиледе болсо, анда ага тийбейсиңерби? Ал жерде эл иштечү, салык төлөнчү, курулушка ушунча эмгек, акча кеткен. Мунун баары токтоду", - деди Токторбаев.
Ал эми, депутат Айбек Осмонов мэрия имарат бузган компанияга айланды деп эсептейт.
"Дайыма бузуу менен гана алектенип жатышат, оңдоп, курабыз деген бир да ой жок. Мэр өзү эмес, вице-мэрлердин иш-аракеттери пиар болуп калды. Шаарга көңүл буруп, таштандылардан арылтышсын. Таштанды чыгарганды, эл менен баарлашканды билбесе, Оштун "Тазалыгын" чакырышсын. Алар бул жерде алты ай иштеп, таштандыны кантип ылгоо керектигин көрсөтүп беришет. Ал эми вице-мэрлер бул жөн гана пиар менен алектенип калышты", - деди Осмонов.
Булак: NazarNews.kg