www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңеште депутат Адахан Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча Башкы прокуратуранын сунушу боюнча түзүлгөн депутаттык комиссия өз ишин жыйынтыктады. Бул тууралуу "Бүтүн Кыргызстан" парламенттик фракциясынын Фейсбуктагы баракчасында жарыяланды.

"Убактылуу депутаттык комиссия оппозициялык фракциянын лидери Адахан Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат берүү боюнча корутундусун кабыл алды. 

Бул чечимге комиссиянын мүчөлөрү депутат Гуля Кожокулова менен депутат Фархад Алимджанов гана каршы чыкты.

Бүгүн, 22-июнь күнү саат 13:30да Жогорку Кеңештин Координациялык кеңешинде аталган маселе каралып, андан соң пленардык жыйынга алып чыгышат.

Пленардык жыйында көпчүлүк депутаттардын добушу менен убактылуу комиссиянын корутундусу жактырылат, же четке кагылат",- жазылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, аталган депутаттык комиссияга эл өкүлдөрү Карим Ханджеза, Кундузбек Сулайманов, Динара Ашимова, Миргуль Темирбаева, Мурадил Садыков, Мирлан Самыйкожо Гуля Кожогулова жана Фархад Алимджанов кирген.

2023-жылы 31-майда парламенттин төрагасы Нурланбек Шакиев Башкы прокуратурадан депутат Мадумаровго "Кылмышка даярдык көрүү", "Бийликти күч менен басып алуу", "Бийликтен аша чабуу" беренелери боюнча жоопко тартуу сунуштамасы түшкөнүн билдирген.

 

Последние новости