www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эсенбайдын мураска калтырган сөз берметтери-2

Нускалуу сөз –дөөлөт, ал Эсенбайга окшогондордун керт башына кадыр-барк, аброй алып келген. Нускалуу сөздөн Эсенбайга окшогондордун артында өлбөс-өчпөс даңазалуу ат калат, ал укум-тукумдун денесинде сакталат. Эсенбайга  «Эркек деген ким, аял деген ким?» - деген суроо беришет. Жарыктык «Эркек үрөн, аял –жер-эне. Үрөн жайсыз өспөйт»- деп таамай айткан экен, «Адам баласы өмүрүндө эки ирет эгиз болот. Бир ата-энеден жаралып, бир үй-бүлөдө өсүп чоңойгон бир туугандар биринчи эгиз. Адам бойго жеткенде үй тигет (азыркыча үйлөнүү деген мааниде). Кыз бала да, эркек бала да бой жеткенде буюрганы менен баш кошот. Бул экинчи эгиз. Биринчи эгиздердин ынтымагы үйлөнгүчө бекем болот. Үйлөнгөн соң абийир болсо, акыл болсо, ата-баба салтты сакталса, ынтымак улана берет. Үйлөнгөн соң «сеники, меники» деген сөз көбөйсө, ушак-айыңга кулак төшөп, ортодон муздак жел жүргөнгө жол берилет, ынтымак бузулат. Адам баласы экинчи эгизи менен бир үй-бүлө катары бүт өмүрүн бирге өткөрөт. Жакшылык менен жамандыкты бирге тартат, бул экөөнөн күйүмдүү эгиз болбойт. Кудайдын эркинен чыгышпаса бул эгиздер ажырашпайт» -деп Эсенбай айтып өткөн экен, анан да «Адепсиздик деп эмнени эсептөөгө болот?» -деген суроого, бир топ ойлонуп туруп минтип жооп берген экен: «Ыксыз жерден бейкүнөө аялдын шагын сындыруу –адепсиздиктин нагыз ыпласы. Эркекти да төрөгөн, аялды да төрөгөн ошол аялзаты. Кудай алардын азабын да, түйшүгүн да эркектерге караганда арбын жаратып койгон.Тарткан түйшүгү өлчөөсүз. Аял адамды эне деп эсептейбиз.Наристе жаратууда эненин мээриминдей мээрим болбойт. Биз мына ушуну терең баалашыбыз керек» –дептир. Андан тышкары: «Наристе жаралганда, кудай аны эне сүтүндөй таза жаратат. Мына ошол аруу тазалыкты кетирбей жашоо адамдын ыйык милдети. Бул кудайдын жолу. Барынан мурда ушак-айыңдан, көрө албастыктан, ичи тардыктан, карасанатайлыктан, кара мүртөздүктөн, эки жүздүүлүктөн, калпычылыктан, колу туткактыктан алыс болуу абзел» -дептир.

Ысырапчылыкка эч качан жол бербөө керек. Куттуу дасторкондогу нандын күкүмүн терип жеген сыяктуу буюрган бардык ырыскыга этиат болуу керек. Кудайга тобо келтирип, башка келген ырыскыны көтөрө билиш керек. Ырыскыны ысырап кылбай, текеберленбей күтө билген дурус. «Кандай адам бай болот?» - деп Эсенбайга суроо беришет. Азыркы заманда акчасы бар адамдар бай, мульти-миллионер, олигарх болушат дешери айдан ачык. Ал эми Эсенбай болсо: «Үйүнө кут түшкөн, пейили кенен, колу ачык, тукуму өскөн адамды бай десек жаңылышпайбыз» -деп, минтип улантыптыр: «Кең пейил адам – бай адам. Ал кенен дүйнөнү тарытпайт. «жок» деген сөздөн алыс болот. Бар туруп, жок деген адамдар да болот. бул жарды адам, пейили тар адам. «Жокко туз да жок» - деген ушундан калган. Байлыктын түрү көп, баш аман болсо –байлык, укум-тукум өссө –байлык, башыңа ырыс уяласа  - байлык, эл-журтуң тынч болсо –байлык, ынтымак, ден-соолук –байлык. Ал эми бак-дөөлөт болсо утурумдуу, аны кармана билүү керек. Мал күтүү, сан жеткис дүнүйө күтүү байлык эмес. Дүнүйө бекер жерден табылбайт же өз мээнетиңден, же  башкалардын маңдай теринен табылат. Өз мээнетиңден табылган дүнүйө адал дүнүйө, башкалардын мээнетинен табылган дүнүйө –арам дүнүйө, ал акыры шорго малындырат. Дегинкисин дүнүйөгө азгырылбаган абзел. Бар болгонуна топук кыл, Топук күткөн адам -бай адам» -деп бир топко ойлонуп калат.

Ормон хандык доорун сүрүп жаткан кезде жаш болсо да Шаменди Кокон, Бухара, Казак, Кытайга элчиликке маал-маалы менен жөнөтүп турган. Бир ирет Коконго барып, Кудаяр хан менен отурса, килем менен бастырып бир атчан сүзө качырып келатат дейт. Кудаяр хан лып ордунан ыргып туруп, анын атын жүгөндөн алып, таазим кылып тосуп алат. Сураштырса ал Кокон ханындагы эң бай, Кудаяр хандын аскерин баккан адам болуп чыгат. Килем менен бастырып келип, ханды таазим кылдырган байлык экенин түшүнгөн, Шамен “Байлык –падышаны да кул кылат” –деген экен. Бүгүнкү кээ мамлекет башчыларынын мульти –миллиардер болуп, байлык үчүн жан –талашып жатканы, Шамендин эки кылымча мурун айткан сөздөрүн бекемдейт.

 Шамен элчи болгон маалда Ормон ханга арнап куржун толтура алтын, күмүш менен келчү экен. Ормон аларды көп таназар албай куржуну менен Шаменге берип койчу дешет. Бул тууралуу жакшы билген Эсенбай эсепчи Шамендин “Байлык –падышаны да кул кылат” дегенин көп айтчу экен. Байлык жөнүндө дагы бир айтканы, негизи эле адам пейилинен табат дечү экен. Короо-короо кой, үйүр –үйүр жылкы, үй толо дүр –дүйнө болуп, бирок пейили тар болсо андан жарды адам жок. Малдын түгү жок, үрүп чыгар ити жок, сызга отурган жарды болсо, бирок пейили кенен болсо, акыйкатта мындай адам бай адам дечү экен. Мал-жан күткөн адам, кенен пейилди кошо күтүш керек. Кээ бир адамдар болот түк күткөн сайын дагы көбөйтөм деп алектенген. Анын сарсанаасы дагы баюуда болуп, пейили тарып, сараң болуп калат.  Чын –чынына келгенде, бала-чакалуу, башы өскөн адамдан ашкан бай болбойт. Ал эми өрүш толо мал түбөлүк байлык эмес, кампа толо жыйып алган көр дүйнө да. Турмушка моюн тозгон туура иш. Толсоң – бөксөрбө, чайпалсаң –төгүлбө, узарсаң –кыскарба, өмүрүң текке кетпесин, сөзүң сая кетпесин. Кудайым өмүрүң менен пейилиңе береке берсин деп айтчу экен. “Дүнүйө адамды таппайт, адам дүнүйөнү табат” дечү экен.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости