www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте автобустарды оңдоо жана техникалык тейлөө борборунун салтанаттуу ачылышы, ошондой эле “Zhongtong” компьютердик томографиялык медициналык унаасын тапшыруу аземи өттү.

Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, Кытай Эл Республикасынын Шаньдун провинциясынын партиялык комитетинин катчысы Линь У, Кытайдын КРдагы элчиси Ду Дэвэнь, Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров жана “Zhongtong bus” компаниясынын жетекчилиги катышты.

Тейлөө борбору борбор калаанын бардык автопарктарын тейлей турганы, ал эми тетиктерин оңдоо жана алмаштыруу иштери кыска мөөнөттүн ичинде жүргүзүлөрү, бул линиядагы автобустардын жетишсиздик көйгөйүн чечүүнү тездете турганы белгиленди.

МинКаб Төрагасы кытай автобустарын колдонуунун буга чейинки кейиштүү тажрыйбасын эске алуу менен тейлөө борборунун иштеши өтө зарыл болгонун белгиледи.

Мындан тышкары, МинКаб Төрагасы кытай тарапка борбор калааны автокомпьютердик томограф менен камсыз кылганы үчүн ыраазычылык билдирди.

Белгилей кетсек, унаа ичиндеги томограф суроо-талап жогору аймактарда медициналык кызмат көрсөтүүгө жана борбордун алыскы райондорунда томографиялык изилдөөлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга мүмкүндүк берет.

МинКаб Төрагасы автотомограф сыноодон өтөрүн, эгер ал сыноодон ийгиликтүү өтсө, кыргыз тарап бул медициналык аппараттарды кошумча көлөмдө сатып алуу мүмкүнчүлүгүн карай турганын белгиледи.

Акылбек Жапаров ошондой эле кытайлык мектеп автобустарын сынап көрүүгө кызыкдар экенин билдирип, Министрлер Кабинети борбордо ушундай автобустарды чыгарууну пландап жатканын белгиледи.

Белгилей кетсек, тейлөө борборунун ачылыш аземи Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол инфраструктурасын өнүктүрүү башкармалыгынын аймагында болуп, анда Мамлекет башчысынын тапшырмасы менен оңдоо иштери жүргүзүлдү, эски автобустар алынып, жарактан чыгарылды. Мындан тышкары башкармалыктын аймагы кеңейтилип, жаңы автобустарга даярдалды.

Белгилей кетсек, Мамлекет башчынын Кытай Эл Республикасына мамлекеттик сапарынын алкагында жетишилген макулдашуулардын алкагында өлкөгө Кытайдан чыккан 1000 автобус келиши керек.

Учурда борбор калаага 250 автобус келди, алар борбор калаанын көчөлөрүндө иштеп жатат, дагы 250 автобус 2023-жылдын аягына чейин келет, калган 500 автобус Кыргызстанга 2024-жылы алынып келет.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости