www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Экономиканы өнүктүрүү үчүн президенттин Масадыковдой кадрлардан команда топтогону маанилүү», - деди бүгүн, 13-июлда NazarNews маалымат агенттигине экс-депутат Эсенгул Исаков.
- Эсенгул агай, Таалатбек Масадыковду кайсыл артыкчылыгы үчүн вице-президенттик кызматка койду деп ойлойсуз?
- Таалатбек Масадыковду жакындан тааныбайм, аны эл катары президенттик шайлоого катышкандан бери билип, кийин өмүр баяны менен жана ММКларга берген интервьюлары менен таанышып элине кызмат кыла турган жигит экен деген ойдо болчумун. Бирок, бир нерсени белгилеп кетким келет, көп сүйлөп өзүнүн билимин интеллектуалдык деңгээли менен элге таанылып, бирок кызматка келгенде практика жүзүндө алгылыктуу иш көрсөтө албагандарды турмуш далилдеп жатат. Ошондуктан Т. Масадыковдун басып өткөн жолу ишеним арттырганы менен иш жүзүндө кандай ийгиликтерди жаратаарын убакыт көрсөтөт. Ийгилик гана каалайм.
- Эми иш илгерилеп, мамлекет алдыга жылабы же тескерисинче интригалар күч алып, саясат курчуйбу?
- Кадр барын чечет дегендей мамлекетибиздин экономикасы жана элдин социалдык турмуш деңгээли жогорулашы үчүн Мамлекет башчыбыз Т.Масадыковдой кадрлардан команда топтошу өтө зарыл. Себеби убакыт учкан куштай тез өтөт, убакыт менен кошо эл да пикирин жакшы жакка же жаман жакка өзгөртөт.
Булак: NazarNews.kg