www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Тажикстан Республикасынан контрабандалык товарларды алып өтүү аракеттери уланууда. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Азыркы учурда Тажикстан Республикасы менен мамлекеттик чек ара убактылуу жабык жана товарларды, жарандарды жана транспорт каражаттарын өткөрүү токтотулган.
Чек ара аймактарынын айрым тургундары контрабандалык жүктөрдү Тажикстан Республикасынан ташып өтүү аракеттери уланып жаткандыгы аныкталды. 2021-жылдын 12-июлунан 13-июлуна караган түнү жергиликтүү элдик сакчылар Тажикстан Республикасынан Кыргыз Республикасынын аймагына 4 тонна көлөмүндөгү жүзүм контрабандалык жүктөрү алынып келинген фактыны аныкташкан жана КРнын мыйзамдарына ылайык чараларды көрүү үчүн бажы кызматына өткөрүлүп берилген.
Кыргыз Республикасынын УКМК КР Кылмыш-жаза кодексине ылайык, контрабанда кылмыш иш болуп саналарын эскертет. Ошол эле учурда, мыйзамсыз контрабанда иш-аракеттерине катышкан адамдардын КР мыйзамдарына ылайык жооп керчиликке тартылмакчы.
Булак: NazarNews.kg