www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Коррупцияга аралашкан соттордун жазасын катуулатуу керек», - деди бүгүн, 31-январда NazarNews маалымат агенттигине экс-депутат Эсенгул Исаков.

- Эсенгул ага, соттордун айлыгы жогорулады деген маалымат тарап, коомчулукта түрдүү пикирлер айтылууда. Соттордун айлыгынын жогорулаганы коррупциянын азайышына шарт түзөт дегенге ынансак болобу?

- Соттордун жана укук коргоо органдарынын айлыгын жогорулатып эле койсо коррупциядан алыс болушат дегени анча чындыкка жатпайт. Себеби, биринчиден- адамдык фактор роль ойнойт.

Экинчиден, айлыктарын көбөйтүүнүн алдында Кылмыш кодексине УПК-не ири өзгөртүүлөрдү киргизиш керек. Ал соттордун, укук коргоо органдарынын жоопкерчилигин жана ала турган жазасын күчөтүлгөнүн камтышы керек.

Иштеп жаткан кылмыш Кодексинде миллиондорду уурдаган чиновникке өкүм чыгарганда 3 жылга чейин мурунку ээлеген кызматына иштей албайт дегени 3 жылдан кийин кайра уурдап жашаганга уруксаат бергени да.

Ошондуктан соттордон баштап бардык мамлекеттик кызматкерлеринин жоопкерчилигин күчөтүү зарыл. Коррупцияга аралашып мамлекетке зыян келтиргендер сот күнөөлү деп тапкандан кийин кайра мамлекеттик кызматына кайтып келгенине тыюу салуу керек.

А коррупцияга аралашкан сотторго өзгөчө, мамлекеттик чиновниктерден да жазасын катуулатуу керек.

Мекендештерибиз атууну киргизүүнү сунуштап келишет, мен ага бүгүнкү күндө макул эмесмин. Качан гана тергөө кызматы, прокуратура системасы жана соттор оңолуп адилеттүүлүккө келмейинче ар бир адам кооптонууда болот жана күнөөсүз адамдын өмүрү кыйылып кетиши мүмкүн. Буга убакыт керек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости