www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Соттордун айлыгын жогорулаткан каражат менен пенсияларды көбөйтүшсө деле болмок», - деди бүгүн, 31-январда NazarNews маалымат агенттигине саясатчы Бакыт Бакетаев.
- Бакыт агай, соттордун айлыгы жогорулады дегенден бери ар ким ар кандай пикирин айтууда. Эми коррупция жок болот деп ишенсек болобу?
- Соттордун айлыгынын жогорулаганы соттордун коррупцияга аралашканы түп тамыры менен жок болот. Буюрса, айлыктары жетиштүү болуп, пара албай адилет чечим чыгарып калышат деген ойдомун.
- Бирок, коомчулукта соттордун айлыгын жогорулатканча, пенсионерлердин пенсиясын, мугалимдердин айлыгын көтөрүшсө болмок дегендер да арбын. Буга кандай пикирдесиз?
- Соттордун айлыгын жогорулаткан каражат менен пенсияларды көбөйтүшсө деле болмок. Ошондой эле мугалимдердин айлыгын көбөйтсө да, мамлекет үчүн пайдалуу болмок.
Булак: NazarNews.kg