www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев иниси Шайырбек Ташиевдин (Жалал-Абад округу) депутаттык мандатын тапшыруу маселеси боюнча комментарий берди.
«Анын өзүнүн шайлоочулары бар, мен буга чейин өз оюмду айткам. Мен аны менен сүйлөшө элекмин. Фракция шайлоочулардын пикирин эске алуу менен өз чечимин чыгарат», - деди ал.
Шайырбек Ташиев агасынын пикирине кошулабы, Камчыбек Ташиев жооп берген жок.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы Камчыбек Ташиев 23-январда маалымат жыйынында «бир үйдө бир саясатчы болушу керек» деп инисинен депутаттык мандатын тапшырууну суранганын билдирген. К.Ташиевдин маалыматы боюнча, Ш.Ташиев мандатын шаршемби күнү, 26-январда тапшырышы керек болчу.
БШКдан билдиришкендей, Ш.Ташиев азырынча арыз бере элек.
Шайырбек Ташиев №14 Жалал-Абад бир мандаттуу шайлоо округунан депутат болуп шайланган. Парламентте «Ата Журт-Кыргызстан» фракциясына кирген.
Булак: NazarNews.kg