www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Ширшов Бакиевдердин каткан акчасын таап берген үчүн кутулуп кетпешине эл үмүттөнөт», - деди бүгүн, 13-майда NazarNews маалымат агенттигине экс-депутат Эсенгул Исаков.

- Эсенгул агай, Ширшов боюнча коомчулукта түрдүү кептер айтылып, ал орто президентти да адаштырганга үлгүргөндөр болгону  да ачыкталып калды. Эми Ширшов Бкиевдердин акчасын таап бергени чүн кутулуп кетеби?

- Ширшов боюнча 2010-жылдан бери көп сын пикирлер айтылып ал энергетика тармагын өз кызыкчылыгына буруп, коррупциялык схемасын түзгөн деп айыпталып келет.

Андан бери деле аны жоопко тартуу аракети анчалык деле көрүлбөптүр. Анда кимдин кызыкчылыгында Ширшовдун энергетика тармагына кылган карөзгөйлүк иштерине  жана «Дастан» заводго келтирилген зыяндарына көз жумулуп, ал эми коомчулукту алдап келишкен деген, суроо жаралат?

Ширшовдой ар бийликте эбин таап бул бийликтин учурунда да иштеп жаткан анын достору бар. Эми бүт элдин үмүтү Садыр Нуркожоевичте, Ширшов боюнча айтылган кара иштерин дыкат текшерүү жана 200 миллион доллар каражат боюнча да маалыматты элге ачык айкындап берүү.

Бирок Ширшов Бакиевдердин каткан акчасын таап берген үчүн кутулуп кетпешине эл үмүттөнөт.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости