www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Экономика жана коммерция министрлиги КР салык кодексинин 178-беренесин ишке ашыруу максатында 2022-жылдын 18-мартындагы “Эсеп-фактураларды колдонуу жөнүндө” КР министрлер кабинетинин токтому кабыл алынганын маалымдайт.

Маалыматка ылайык, аталган токтом менен эсеп-фактураларды түзүүнүн жана жүгүртүүнүн тартиби бекитилип, төмөнкүлөр белгиленди:

1) кошумча нарк салыгын төлөөчү жана товарларды импорттоочу жана/же экспорттоочу салык төлөөчү, ошондой эле катары менен акыркы 12 ай үчүн же катары менен 12 календардык айдан кем эмес мезгилдеги кирешеси 8 млн сомдон ашкан салык төлөөчүгө;

- жогоруда көрсөтүлгөн тартипте электрондук эсеп-фактуралардын маалыматтык системасынын катышуучулары катары катталууга;

- ыйгарым укуктуу салык органы бекиткен формада жана тартипте эсеп-фактураларды түзүүгө;

2) 2022-жылдын 1-апрелинен тартып акыркы 12 ай ичинде же катары менен 12 календардык айдан аз мезгилдеги кирешеси 8 000 000 сомдон ашкан салык төлөөчү эсеп-фактураларды берет.

"Бул токтомдун өзгөчөлүгү товарларды экспорттогон субъекттер КРнын аймагынан товарларды алып чыгуунун алдында электрондук эсеп-фактураны берүүгө милдеттүү. Буга байланыштуу министрлик экспортчуларга жана жүк ташуучуларга КРнын аймагынан товарларды экспорттоодо электрондук эсеп-фактураларды берүүнү сунуштайт", - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, бул токтом менен https://www.gov.kg/ru/npa/s/3715 шилтемеси аркылуу таанышууга болот.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости