www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекке жаңы вице-мэр дайындалды

Бишкек шаарынын мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр болду. Бул тууралуу муниципалитет билдирди.

Маалыматка караганда, Жамалбек Ырсалиев калаанын вице-мэри болуп дайындалды. Ал эми Максатбек Сазыкулов Биринчи май районун жетектемей болду.

Мындан тышкары, Президенттин администрациясынын чечимдерин көзөмөлдөө бөлүмүнүн эксперти Азиз Садырбеков ротация жолу менен мэриянын аппаратынын жетекчиси болуп дайындалды.

Тийиштүү буйрукка мэр Эмилбек Абдыкадыров кол койгон.

Эске салсак, Жамалбек Ырсалиев өткөн жылы Бишкектин биринчи вице-мэри болчу. Бирок сентябрь айында Биринчи май районунун акими болуп дайындалган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости