www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы ассамблеясы Украинанын жайкын тургундарын жана жарандык инфраструктурасын коргоо, ошондой эле бул өлкөдөгү согушту тез арада токтотуу талабы жазылган резолюция кабыл алды.

Башкы ассамблея 24-мартта кабыл алган бул документ сунуш берүү мүнөзүнө ээ. Ал милдеттүү түрдө аткарылышы керек деген юридикалык күчкө ээ эмес.

Резолюцияны уюмга мүчө 193 өлкөнүн 140ы колдосо, Сирия, Беларус, Түндүк Корея, Эритрея жана Орусия каршы добуш беришти. Дагы 38 өлкө калыс позицияда экенин билдирди.

Резолюцияда Орусиянын Украинадагы душмандык аракеттерин, анын ичинде жайкын адамдарга каршы чабуулдарды тез арада токтотуу талабы, ошондой эле "үрөй учурган" гуманитардык абалды түзгөнү үчүн Орусияны айыптаган сын-пикирлер жазылган. Документте мындан тышкары жөнөкөй тургундарды, медиктерди, гуманитардык уюмдардын кызматкерлерин жана журналисттерди коргоо зарылдыгы да белгиленген.

Март айынын башында кабыл алынган резолюцияда да Орусияны Украинадагы согушту токтотуу чакырыгы жазылган. Анда документти 141 өлкө колдоп, Сирия, Беларус, Түндүк Корея, Эритрея жана Орусия каршы болгон.

Украина менен Батыш өлкөлөрү Орусияны Украинадагы жайкын тургундарга, ошондой эле оорукана жана адамдар баш калкалап турган жайлар өңдүү объектилерге ылгабастан чабуул жасоого айыптап жатышат. Москва мындай айыптоолорду четке кагып келет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости