www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусия Саламаттыкты сактоо министрлиги ЛДПР партиясынын лидери Владимир Жириновский көз жумду деген маалыматты төгүндөдү. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазды.

Буга чейин бир катар ЖМКлар Жириновскийдин партиялашы, сенатор Александр Пронюшкинге шилтеме берип анын каза болгондугу тууралуу жазышкан.

"Жириновскийдин абалы туруктуу деп бааланууда. Дарыгерлер ага колдон келген жардамын көрсөтүп жатышат", — деп айтылат билдирүүдө.

Владимир Жириновский коронавирус илдетине кабылып, февраль айынын башында оор абалда ооруканага түшкөн. Ошондон бери жакшы боло албай жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости