www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
8-декабрда Кыргыз Республикасынын Эсеп палатасынын кызматкерлери КМШга мүчө-мамлекеттердин Жогорку мамлекеттик аудит органдарынын жетекчилеринин кеңешинин алкагында россиялык кесиптештери менен тажрыйба алмашуу боюнча кезектеги онлайн семинарга катышты. Бул тууралуу Эсеп палатасынан билдиришти.
Негизги баяндамачылар Россия Федерациясынын Эсеп палатасынын сатып алуулар жана энергетикалык комплекс чөйрөсүндөгү Аудит департаментинин өкүлдөрү болду.
Видеоконференциянын жүрүшүндө сатып алуулар чөйрөсүндөгү аудиттин методологиясы, сатып алуулар чөйрөсүндө финансылык контролду жүргүзүүдө IT-чечимдерди колдонуу маселелери, ошондой эле мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндө аудиттин жүрүшүндө аныкталган типтүү мыйзам бузуулар кеңири талкууланды.
Иш-чаранын соңунда тараптар КМШ өлкөлөрүндө аудитти көзөмөлдөө системасын өркүндөтүү үчүн өз ара кызматташуунун маанилүүлүгүн баса белгилешти.
Булак: NazarNews.kg