www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эсепчилер айдын жаңырышын кандай түшүндүргөн?

Карышкырлар айдын жаңырганда эмне үчүн реакция кылышат? Байыркы убактардан тартып эле кыргыздар күн менен айдын мезгилдик ырааттуу кыймылдарын убакытты өлчөөдө колдонуп келген. Астрономия илими жана байланыш технологиясы өнүккөн азыркы учурда айлардын башталышы жана бүтүшү күмөн туудурбай турган абалда эсептелип, аныкталып жатканы маалым. Ал эми башка байыркы эл сыяктуу эле кыргыз элинде атайын аба-ырайын алдын-ала болжолдоп турган эсепчилер чыгышкан. Мисалы ошондой эсепчинин бири Эсенбай эсепчи бир жыл алдын-ала аба-ырайын аныктаган. Айдын бир ай ичинде көзгө көрүнгөн формаларынын ырааттуу өзгөрүшү, Ай бетинин Күн нурунан жарыктангандагы көрүнгөн бөлүгү. Күн нурунун тийишине жараша өзгөрүп, ай фазалары алмашылып турат. Айдын жаңырышы, биринчи чейрек, толгон ай жана акыркы чейрек деген төрт бөлүктөн туруп, акырындык менен бири бирине өтөт: Ай жаңырганда, Күн менен Жердин ортосунда болгондуктан, анын жарык түшпөгөн жери бизге көрүнөт. Эгер Ай жаңырганда, ал Жер менен Күндү туташтыруучу түз сызыкта жатса, Күндүн тутулушу байкалат. Ай Күндөн чыгышты карай акырындап жылып, орок кейиптенип, 7 күнү жарым тегерек түрүндө көрүнөт. Мында томпок жагы оң тарапта болот. Айдын бул фазасы 1-чейрек деп аталат. Ай жаңыргандан 14-15 күн өткөндө, толук тегерек формада көрүнүп, толгон ай деп аталат. Жер Ай менен Күндү туташтыруучу түз сызыкта жатса, Ай тутулат. Ай толгондон 7 күндөн кийин акыркы чейрек башталат. Айдын жарымы гана көрүнөт да, томпок жагы сол тарапта болот. Ай орто эсеп менен 29,5 сутка өткөндө кайра жаңырат.Айдын жаңырышы  боюнча да бир ай алдын-ала аныктай алган. Эгерде ай чалкасынан жаңыра турган болсо, Айдын өзүнө тынч болот да, калайык-калкка кыйынчылык түшүшү мүмкүн деген. Ал эми тескерисинче тигинен жаңырса,  калайык-калкка тынч болот да, айдын өзүно кыйын болот деп алдын-ала айткан. Кокусунан ай кыйгачынан жаңыра турган болсо, “Сактыкка кордук жок” аба-ырайы катаал болуп кетиши да мүмкүн, ошондуктан сактанып туруш керек деген.

Үркөр көтөрүлгөндө күз келет. Үркөр көтөрүлдү. Байыркы кыргыз күзүндө жер которо башташкан. Ушул мезгилде эсепчилердин баркы жогорулаган. Анткени, кайсы мезгилде көчүш керек, аны жакшылап билип албаса көч жамгырлуу күнгө калып, тар жол,тайгак кечүүдө калган. Эсенбай эсепчи сыяктуулар жылдыздардын тогошконун карап,кайсы күнү көчөрдү аныктаган. Жайлоодон түшөөр мезгилди Эсенбай эсепчи Чолпон чыгаар мезгилге тушташтырган. «Чолпон көрүндү – жүк артуу керек»- деп. Ошентип, илгерки көчмөндөр күн ысый элек салкында көчүп, жаңы журтка жетип алган. Көчтү жолдогулар тосуп алып ат үстүндө суусундук беришкен, көчтү токтотушкан эмес. Салт атчан манаптар козу-корпо жесе, түшүп жей беришкен, бирок көч токтогон эмес. «Эртең менен күн кызарып чыкса – элиңди жоо чапкандай күйүн, кечинде кызарып батса – аялың эркек туугандай сүйүн» деген. Күн, Ай, Үркөрдөн кийинки эле байыркы кыргыздардын урматтаган асман периси – Чолпон. Чолпон жылдыз эл ишеними боюнча койдун пири. Андыктан аны Чолпон-Ата деген. Чолпон күн чыгаар алдында, койлорду жайытка чыгарганда  же Күн баткандан кийин, койлор жайыттан кайтканда чыгат. Ушундан улам аны койлордун пири же «койчунун жылдызы» деп калса керек. Илгерки замандарда «Чоң Жетигенди» көчмөндөр «Кичине Жетигендин» эки жакшы атына («ак сары ат» жана «көк сары ат») кол салганы жаткан «жети каракчы» деп түшүнгөн. Алар аркандалып, бир учу Алтын Казыкка байланып, күзөтчүнүн кайтаруусу менен оттоп турат. Жети каракчы ушул аттарды уурдаганы түн бою аңдыйт. Ал эми аттар казыкты айланып тура берет. Жети каракчы аларга жете албайт да, таңдын атышы менен куру кол кайтып кетет. Бул окуя күндө кайталанат да, күндө ушундай болот. Ал эми Жетигендин орто чениндеги бир жылдыздын жанында үлбүлдөп көрүнгөн кичине жылдызды «Үркөрдүн кызы үлпүлдөк сулуу» деп коёт. Аны бир кезде тиги каракчылар уурдап, ала качып алган имиш. Аяк оонада бугунун аягы тынбай, маралга кыйгач жүгүргөн чагы болгон үчүн, бул айды аяк оона дейт. Күзгү күн-түн теңелүү 23-сентябрга туура келет. Сентябрдын 15 жарыгы «боз кыроо маалы», 15 караңгысы «кыргыек маалы» аталат. Анын 17 жаңысынан Үркөр менен Ай тогойт.

 «Эсенбай эсепчи» китебинен

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости