www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Электрондук тамекини чегүү аллергияны пайда кылып, боор, бөйрөк жана жүрөктүн иштешине терс таасирин тийгизет. Бул тууралуу дарыгерлерге таянып "Известия" жазды.

Эндокринолог Арсений Русановдун айтымында, вейптердин чылымга салыштырмалуу эндокриндик жана жыныс системасына тийгизген таасири толук изилденип бүтө элек. Анткен менен электрондук тамекинин курамына жыпар жыттуу кошулмалар, глицерин, диацетил, никотин, пропиленгликоль жана башка заттар кошулат.

"Андагы айрым заттар мээнин жана жүрөктүн ишин жөнгө салган калкан безинин гормонунун бөлүнүп чыгышына терс таасирин тийгизет", — деди Русанов.

Адис вейпти ашыкча чегүү эркектин тестостерон гормонун түшүрүп, уруктун аз чыгышын шарттай турганын кошумчалады. Ошондой эле аялдарга, бөтөнчө кош бойлууларга зыян.

Дарыгер-терапевт Наталья Просянникова электрондук тамекидеги заттар организмде топтолуп, аллергиялык реакцияларды жаратарын билдирди. Анын айынан боор менен бөйрөктүн иши бузулуп, дем алуу органдары жана борбордук нерв системасы жабыркайт. Ошондой эле чылымга көнүп калууга алып келет.

Мындан сырткары, вейп колдонгондордо баш ооруу, баш айлануу, ачуулануу, агрессиялык маанай, депрессия, ич өтүү, жүрөк айлануу жана эс тутумдун начарлашы байкалат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости