www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров Эсептөө палатасына административдик мамлекеттик кызматка кабыл алуунун өзгөчө тартибине өзгөртүүлөрдү киргизген мыйзамга кол койду.

Жаңы тартипке ылайык, кызматка талапкерлерди тандоодо өтүүчү минималдуу упай 50дөн 60ка чейин жогорулатылды. Ошондой эле талапкерлер мамлекеттик тилди В2 же С1 деңгээлинде билгенин тастыктаган сертификатты милдеттүү түрдө тапшырууга тийиш.

Мындан сырткары, талапкерлерди баалоочу комиссиянын курамы такталып, анын ишинин ачык-айкындуулугун камсыздоого багытталган кошумча талаптар киргизилди. Ага ылайык, кызыкчылыктардын кагылышы жаралган учурда комиссиянын мүчөсү кароого катышуудан өз ыктыяры менен баш тартууга милдеттүү болот.

Мыйзамдагы өзгөртүүлөр Эсептөө палатасынын кадрдык потенциалын чыңдоого жана мамлекеттик кызматка жогорку квалификациялуу адистерди тартууга багытталган.

Последние новости