www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Эсептөө палатасы жүргүзгөн аудиттин жыйынтыгында «Кыргызнефтегаз» ААКсында жалпысынан 967,8 миллион сомдук каржылык мыйзам бузуулар жана кемчиликтер аныкталды.
Маалыматка ылайык, анын ичинен 135,9 миллион сом мамлекетке кайтарылууга тийиш. Анын 8,9 миллион сому аудит жүргүзүлүп жаткан учурда өндүрүлгөн.
Аудиттин жыйынтыгында эң ири жоготуу натыйжасыз башкарууга байланыштуу экени белгиленген.
Өндүрүштүк чечимдердин өз убагында кабыл алынбагандыгынан улам ишкана жана анын туунду компаниясы болжол менен 495 миллион сомдук мүмкүн болгон кирешеден куру калган.
Ошондой эле эмгек акы фондун бөлүштүрүүдө жана тариздөөдө 281,4 миллион сомдук мыйзам бузуулар, дебитордук карыздарды өндүрүүдөгү кемчиликтерден улам 120 миллион сомдук жоготуулар жана 54 миллион сомдук негизсиз чыгымдар аныкталган.
Мындан тышкары, аудит капиталдык курулуш, мамлекеттик сатып алуулар жана жерлерди рекультивациялоо багыттарында да мыйзам бузуулар орун алганын көрсөткөн.
Жыйынтыгында Эсептөө палатасы «Кыргызнефтегаз» ААКсына аныкталган мыйзам бузууларды жоюу жана 126 миллион сомдон ашык каражатты мамлекетке кайтаруу боюнча көрсөтмө берди.
Аудиттин материалдары укуктук баа берүү үчүн тиешелүү укук коргоо органдарына жөнөтүлөрү маалымдалды.