www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги 2026-жылдын 1-июлуна карата Кыргызстан, Казакстан жана Россиядагы негизги азык-түлүк товарларынын бааларына салыштырма мониторинг жүргүздү.
Министрликтин маалыматына ылайык, Кыргызстанда акыркы мезгилде тазаланган күн карама майынын баасы 6%га жогорулоо менен эң көп кымбаттаган азыктардын катарына кирди. Ошондой эле каймак майы 0,9%га, кой эти 0,8%га, сабиз 0,7%га, кумшекер, уй эти жана биринчи сорттогу жергиликтүү буудай уну 0,2%дан кымбаттаган.
Ал эми айрым азык-түлүктөрдүн баасы төмөндөгөн. Атап айтканда, пастерленген сүт 9,8%га, баш пияз 9,2%га жана картошка 8,3%га арзандаганы белгиленди.
Коңшу Казакстанда вермишель 9,6%га, каймак майы 9,5%га жана спагетти 4,4%га кымбаттаган. Ошол эле учурда жумуртка 9,8%га, картошка 8,6%га, кумшекер 6,7%га, пастерленген сүт 6,5%га жана күрүч менен биринчи сорттогу ун 5,5%га чейин арзандаган.
Россияда болсо баш пияз 0,8%га, картошка 0,5%га, сабиз жана кумшекер 0,3%га кымбаттаганы байкалган. Ал эми жумуртка 0,7%га, кой эти 0,5%га, каймак майы, биринчи сорттогу буудай уну, пастерленген сүт жана тазаланган күн карама майынын баасы бир аз төмөндөгөн.
Министрликтин маалыматына ылайык, мониторинг нан азыктары, жашылча-жемиштер, мөмө-жемиштер, эт, сүт, кумшекер, жумуртка, өсүмдүк майы жана башка негизги азык-түлүк товарлары боюнча жүргүзүлгөн.