www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыздар улуу гумандуу философ калк болсо керек. Бир гана сөзү “Эсептешкен дос болбойт”дегени кандай таамай айтылган, кандай төө көтөргүс. Дос болгон соң “тиги баланча берди” деп эсептеше турган болсо, достуктун кереги барбы? Акыркы убактарда досторун каматышкан супермодага айланды. 2006 – жылы жаз алды Жогорку Кеңештин төрагасы Өмүрбек Текебаевдин күндүн нуру тике тийип, ошол кездеги президентке сөомөйүн кесеп, спикерлик ордунан мөңкүп кетет. Текебаев оппозицияга өтүп “Ата-Мекен” партиясына Болот Шерниязов, Карганбек Самаков, Эркинбек Алымбеков сыяктуу депутаттарды тартат. Андан тышкары кандосу министр Атамбаев кызматын таштап экөө “Реформа үчүн” кыймылын түзүшөт. Жүрүп-жүрүп экөө бийликти алышып Убактылуу Өкмөттүн төрайымынын орун басарлары болушат. Жер-жерлерде өз үстөмдүгүн орнотууга аракет кыла баштайт. Бул жагынан Атамбаев камчы салдырбай кетет. Текебаев Конституция менен алаксып, өзүн спикер катары сезип, спикерликтин ролун мыйзам менен жогорулатат. Президенттик шайлоодо 2009-жылдагы президенттик шайлоодой достор ымалага келишип Атамбаев аттанат. Президент болуп келген Атамбаев 2017-жылы февралда Текебаевди каматып салат. “Эсептешкен дос болбойт” дейт, каматышкандар дос болобу?

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости