www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абад облусунун Жазы-Кечүү айылына биринчи жолу электр жарыгы берилди. Бул тууралуу Жалал-Абад электр ишканасынын маалымат кызматы билдирди.

Аталган калктуу конушта 150 үй-бүлө жашайт. "Бул айыл райондун борборунан 110 чакырым алыстыкта жайгашкан. Кеч күздө жана кыш мезгилинде жаан-чачындын айынан кыштактан борборго баруучу жол толугу менен жабылып калат. Ушул жылдын 6-июнунда "Жалал-Абад электр" ишканасы өз күчү жана каражаты менен электр зым тирөөчтөрүн орноткон", - деп айтылат маалыматта.

Белгилүү болгондой, эки айдын ичинде компания бардык аракеттерди жасап, алты бригада иш алып барган. Долбоордун жалпы сметасы 25 миллион сомду түзгөнү айтылды.

Салтанаттуу иш-чарага өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Мамасалы Акматов, Базар-Коргон районунун акими Бакыт Козуев, Улуттук энергохолдинг башкармалыгынын төрагасы Айтмамат Назаров, "Жалал-Абад электр" ишканасынын башкы директору Дурусбек Рахманов катышкан. Ошондой эле тармактык мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундар да болушкан.

Булак: NazarNews.kg
 

Последние новости