www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз элине япондор келишкен, алар экономиканы көтөрүш үчүн Токмокто өздөрүнүн машина чыгаруучу фирмасын ачууну көздөшкөн. Акаевдин учурунда эле кыргыз бийлиги мыйзамдуу сүйлөшпөй, алардан «шапка» алуну көздөшкөндүктөн Өзбекстанга өтө качкан. Бүгүн Өзбекстанда «Тико» деген машиналар чыгып жатат, автобусту да ал жактан алып жатабыз, учак болсо илгертен бар. Совет учурунда бизде завод-фабрикалар болоор эле Кыргызстандан чыккан «пресс-подборщиктерге» дүйнө жүзү кызыкчу, бүгүнчү транспорт министри өзү кымбат балуу машинада жүрүп, эшек араба чыгарат. Ал эми эшек араба чыгарган Транспорт министри жана 18 млн «Мерседес» экспорттогон Германиянын Транспорт министрине салыштырып кереги жок. Германияда министрлер уялбай-этпей эле велосипед минишет. Бизде министрлер автобуска түшкөндөн уялышат. Автобуска элдин бардар адамдары түшөт. Ал эми пенсионерлер жана башка катмарлар же бекер түшүшөт же жөө эле жүрүшөт.

Европалык айрым маалымат каражаттары жазгандай, Кошмо Штаттардын улуттук коопсуздук боюнча агенттиги 2012-2014-жылдары Европадагы алдыңкы саясатчыларды, анын ичинде Ангела Меркелди Даниянын чалгын кызматынын жардамы менен аңдыган. Бул маселе 2021-жылдагы Даниянын ички чалгын кызматынын иликтөөсүнүн жыйынтыгында аныкталганын аталган мамлекеттин улуттук агенттигинин жашыруун булактарына таянып билдирди.Иликтөөгө караганда, АКШнын коопсуздук агенттиги Швеция, Норвегия, Франция жана Германиядагы жогорку даражалуу аткаминерлердин артынан тыңчылык кылуу үчүн Даниянын маалымат кабелдерин колдонот. Аңдууга туш болгондордун арасында немис канцлери Ангела Меркел жана Германиянын тышкы иштер министри Франк-Вальтер Штайнмайер да болгону кабарланды.

Журналисттердин маалыматына караганда, АКШнын коопсуздук агенттиги Даниянын коопсуздук кызматтарынын жардамы менен суу алдынан өткөн интернет кабелдер аркылуу каттарды окуп, телефон сүйлөшүүлөрүн тыңшап турушкан.Немис бийлиги иликтөө тууралуу маалыматтарды караштырып жатканын билдирди:

"Федералдык бийлик отчетту эске алып, улуттук жана эл аралык мекемелер менен түшүндүрмө алуу үчүн байланышууда", -деди өкмөттүн расмий өкүлү Штеффен Зайберт. Швециянын коргоо министрлиги Даниядан бул тууралуу толук маалымат талап кыларын кабарлады. Дания менен АКШ бийлиги журналисттердин суроолоруна жооп бере элек.

Европа немец Гитлерге кошулуп орустарга каршы согуш ачкан, Евросоюз эми да АКШнын буйркугу менен орустарга каршы чыккан. «Ит күлүгүн түлкү сүйбөйт», Орусиянын саясатына көптөн бери АКШ каршы саясат жүргүзүп келатат. Жакпаган саясатын «Магнитскийдин тизмесине» кошуп, Штаттарга кийирбей, катуу чектөө салат. АКШнын көрсөтмөсү менен Евробиримдик да айласы жок Орусияга каршы саясат жүргүзө баштады. Айласы жок дегенибиз, Европада газ, мунайзаты ченелүү болгондуктан Орусияга көз каранды. Москва кокус Европага газ менен мунайзаттарды жаап койсо ,Европа очорулуп отуруп калат.

Германия бүгүн эле Орусияга каршыбы?

1941 –жылдын 22 –июнунда фашисттик Германия согуш жарыялабай туруп, капыстан Кыргыз ССРи да бар Советтер Союзуна басып кирген. Азыр Евросоюзга биригишкен Батыш жана Чыгыш Европанын көптөгөн мамлекеттери Экинчи дүйнөлүк согуштун тарыхын кайрадан жазып чыгууга жанталашып жатышат. Анткени, ал мамлекеттердин ким тарабында согушка киришкени али эсинен чыга элек.

1941 –жылдын 22 –июнуна бир-аз калганда гитлердик үгүт иштер министри Геббельс күндөлүгүнө: «Орусияны басып алуу үчүн буга чейин тарых көрбөгөн эң зор күчтөр турат» -деп жазган. Биздин аталар жана чоң аталар эмне деген теңдешсиз күчтөр менен салгылашып жеңишке жетишкенин ойлонуп, түшүнсө болот. ..

«Совет элинин фашисттик Германиянын үстүнөн болгон жеңиши» -деген сөз чындап келгенде туура эмес. Анткени, СССРге 1941 –жылы бир гана Германия кол салган эмес, бардык европалык көмөк көрсөтүүчүлөр, мындайча айтканда, гитлердик Евросоюз кол салган. Тарыхка караганда Гитлер Чыгышты көздөй аттанганда бул жүрүшкө расмий беш европалык мамлекет катышкан эмес: Швеция, Швейцария, Португалия, Түркия жана Испания. Испаниянын өзүнчө тарыхы бар, согуш алдында СССР Испанияда жаңы орноп жаткан диктатурага каршы өзүнүн ыктыярдууларын жөнөтүп турган. Гитлердик үндөөлөрдөн улам, испаниялык ыктыярдуулардын «Көгүш дивизиясы» Кызыл Армия менен согушууга киришкен, бирок 1943-жылы таш –талканы чыгып, чачыратып салышкан. Калган Европа өздөрүнүн желдеттерин же болбосо техникаларын фюрер менен бир катарда СССРге жөнөткөн.

1945-жылы жеңиш болгондон баштап Советтер Союзун биротоло жок кылып көмгүчө, биз европалык мамлекеттердин миңдеген жарандары Гитлер тарабында согушка киришип, вермахты ийгиликтүү пушка жана нан менен камсыз кылып тургандыгы жөнүндө эстөөдөн тартынып турдук. Андан көрө ушул мамлекеттерде болгон фашисттерге каршы отряддарга көбүрөөк басым жасап келдик.

Европа мамлекеттери Гитлерге эмне жардам берген?

Бирок тарыхты тике карап чындыкты айта турган болсок , өткөн мезгилге кайрылып, кимдер Гитлер менен бир окопто жатышып, СССРге каршы согушканын жана 1941-жылдын 22-июнунда СССРге басып кирүү алдында Европа гитлердик армияны кандай жабдыганын билип алганыбыз оң.

Фашисттик Германия 4 миллион 300 миң жоокер, 37 099 замбирек, миномет, 3865 танк, 3500 учак менен катышкан.

Анын союздаштары эсептелген Румыния 350 миң жоокер, 3255 замбирек, миномет, 60 танк, 423 учак менен катышкан.

Финляндия 340 миң жоокер, 2047 замбирек, миномет, 86 танк, 307 учак менен катышкан.

Италия 62 миң жоокер, 925 замбирек, миномет, 61 танк, 83 учак менен катышкан.

Венгрия 45 миң жоокер, 200 замбирек, миномет, 160 танк, 100 учак менен катышкан.

Словакия 45 миң жоокер, 246 замбирек, миномет, 35 танк, 51 учак менен катышкан.

Дания 6000 жоокер, 96 замбирек, миномет, 75 танк, 98 учак менен катышкан.

Хорватия 2200 жоокер, 54 замбирек, миномет, 24 танк, 26 учак менен катышкан.

Немецтер оккупациялап алган мамлекеттердин ичинен:

Чехия 1млн 400 миң мылтык жана пистолет, 4000 замбирек жана миномет, 1582 учак, 1682 танк, 75 броневик, 62 миң пулемет койгон.

Франция 4695 замбирек жана миномет, 172 танк, 2 млн 300 миң жүк ташуучу машина жана автобус, 5000 паровоз койгон.

Польша 621 замбирек жана миномет, 40 танк, 75 броневик, 130 учак койгон.

Австрия 507 замбирек жана миномет, 13 780 жүк ташуучу машина жана автобус койгон.

Гитлер тарабында ССтин 22 улуттук дивизиясы СССРге каршы урушкан. Аларда миллиондогон өз ыктыяры менен согушка баргандар болгон. Гитлердик Евросоюздун географиясын баалоо үчүн аларды да санап кетишибиз керек:

Албания:

ССтин 21-чи тоолуу дивизиясы «Скандербег» менен согушка катышкан.

Бельгия:

ССтин 27-чи ыктыярдуулар гренадердик дивизиясы «Лангемарк» менен согушка катышкан;

Андан тышкары ССтин 28-чи ыктыярдуулар танкалык -гренадердик дивизиясы «Валлония» менен согушка катышкан;

ССтин Фламанддык легионунда согушкан.

Болгария:

ССтин Болгардык танкка каршы бригадасы менен согушка катышкан.

Венгрия:

ССтин 17-чи корпусу менен согушка катышкан;

Андан тышкары ССтин 25-чи гренадердик дивизиясы «Хуньяди»;

ССтин 26-чы гренадердик дивизиясы;

ССтин 33-чү кавалердик дивизиясында согушкан.

Дания:

ССтин 11-чи ыктыярдуулар танкалык -гренадердик дивизиясы «Нордланд» менен согушка катышкан;

Андан тышкары ССтин 34-чү ыктыярдуулар гренадердик дивизиясы «Ландсторм Недерланд»;

ССтин ыктыярдуулар корпусу «Шальбург»;

ССтин «Данмарк» эркин корпусунда согушкан.

Италия:

ССтин 29-чу гренадердик дивизиясы «Италия» менен согушка катышкан.

Нидерланды:

ССтин 11-чи ыктыярдуулар танкалык -гренадердик дивизиясы «Нордланд» менен согушка катышкан;

Андан тышкары ССтин 23-чү ыктыярдуулар моторлошкон дивизиясы «Недерланд»;

ССтин 34-чү ыктыярдуулар гренадердик дивизиясы «Ландсторм Недерланд»;

ССтин Фламанддык легионунда согушкан.

Норвегия:

ССтин Норвегиялык легиону менен согушка катышкан;

Андан тышкары ССтин Норвегиялык лыжачан егерлер батальону;

ССтин 11-чи ыктыярдуулар танкалык -гренадердик дивизиясы «Нордландда» согушкан.

Польша:

ССтин Гуралдык ыктыярдуулар легиону менен согушка катышкан.

Румыния:

ССтин 103-чү танкалык-истребителдик полку жана СС аскерлеринин Гренадердик полкунда согушка катышкан.

Сербия:

СС аскерлеринин Сербиялык ыктыярдуулардын корпусу менен согушка катышкан.

Латвия:

Латыш легионерлери менен согушка катышкан.

Андан тышкары ССтин Латыш ыктыярдуулар легиону;

ССтин 6-чы корпусу;

ССтин 15-чи гренадердик дивизиясы;

ССтин 19-чу гренадердик дивизиясында согушкан.

Эстония:

ССтин 20-чы гренадердик дивизиясы менен согушка катышкан.

Чехия:

ССтин Гуралдык ыктыярдуулар легиону менен согушка катышкан.

Финляндия:

ССтин Финн ыктыярдуулар батальону менен ССтин 11-чи ыктыярдуулар танкалык -гренадердик дивизиясы «Нордландда» менен согушка катышкан.

Франция:

ССтин 28-чи ыктыярдуулар танкалык -гренадердик дивизиясы «Валлония» менен согушка катышкан.

Андан тышкары ССтин 33-чү гренадердик дивизиясы «Шарлемань»;

«Безен Перрот» легионунда согушкан;

Хорватия:

ССтин 9-чу тоолуу корпусу менен согушка катышкан;

Андан тышкары ССтин 13-чү тоолуу дивизиясы «Ханджар»;

ССтин 23-чү тоолуу дивизиясы «Камада» согушкан.

Словакия:

ССтин Гуралдык ыктыярдуулар легиону менен согушка катышкан.

Галичина:

ССтин 14-чү гренадердик дивизиясы «Галиция» (1-чи украиналык) менен согушка катышкан.

Андан тышкары бир нече мамлекет биригишкен аскер кошуундары болгон:

ССтин Скандинавдык 5-чи танкалык дивизиясы «Викинг» (Нидерланды, Дания, Бельгия, Норвегия);

ССтин Балкандык 7-чи ыктыярдуулар тоолуу дивизиясы «Принц Ойген» (Венгрия, Румыния, Сербия);

ССтин 4-чү тоолуу –аткычтар дивизиясы «Карстъегер» (Чехия, Словакия, Сербия, Галиция, Италия);

ССтин 36-чы гренадердик дивизиясы «Дирлевангер» (Европанын ар кайсы мамлекеттеринен кылмышкерлер тобунан куралган).

Бул жерде европалык өлкөлөрдүн эң ири масштабда Гитлерге көбүрөөк көмөк көрсөткөндөр гана белгиленген. Майда бирок Советтик Армияга эбегейсиз кыйынчылыктарды , зыяндарды келтирген аскер бөлүктөрү да болгон. Мисалга, Норвегия менен Данияны алсак, алардан дээрлик он беш миң адамды камтыган «Нордланд» дивизиясы түзүлүп, Ленинградды блокадага алууда чоң коркунучту келтирип турган. Ал дивизия Берлиндин алдында талкаланган.

Дүйнөлүк экинчи согушта АКШ, Улуу Британия жана алар менен союздаш мамлекеттер фашизмге каршы күрөшкөн. Улуу Ата-Мекендик согуш башталганы алар Советтер Союзу менен гитлердик фашизмге каршы коалиция түзүшүп СССРди курал-жарак менен камсыз кылып турушкан. Гитлердик Германияга каршы экинчи фронту ачуу тууралуу сөздөр Улуу Ата-Мекендик согуш башталганы сөзгө алынып, согуш аяктар алдында иш жүзүнө ашып, Европада союздаштардын экинчи фронту ачылган.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости